Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Депутат Кубатбек Байболов «Эркинтоо» гезитин сотко берет


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов анын ысымын каралоо максатында «Эркинтоо» гезитинде жарыяланган макала үчүн аталган басылманы сотко берет. Бул тууралуу депутат 3-февралда билдирди. Гезиттин 3-февралдагы санында «Ыңклап кылабыз деп ыңаалагандар кимдер?» деген аталыштагы макалада депутат Кубатбек Байболовдун жардамчыларынын биринен алынды деген документ жарыяланды. Анда Кыргызстандагы башкаруу түзүмүн өзгөртүү үчүн саясий кырдаалды пайдалануунун жол-жоболору тууралуу кеңири жазылган. Мындай жоболор катары өлкөдөгү бардык окуяларды дал президенттин түздөн түз күнөөсү катарында алып чыгуу, өлкө башчысын маалымат каражаттарында каралоо, президенттин иш-аракеттерин сынга алган жаштар уюмдарын түзүү сыяктуу жоболор жазылган. Кубатбек Байболовдун айтымында, мындай документ кимдир бирөөлөр тарабынан ойлонуп чыгарылган жана ага депутаттын эч кандай тиешеси жок.

XS
SM
MD
LG