БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев мыйзамдарды чыгаруунун ордуна, аткаруу бийлик структураларынын ишине ашкере кийлигишип, жолтоо болуп жатат деп Жогорку Кеңешти сынга алды. Өлкө башчысы бул жөнүндө 3-февралда Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи. Президент ошондой эле депутаттарды тергөөсү бүтө элек иштерге кийлигишип, саясий максатта спектаклдерди уюштурууну токтотууну талап кылды.
Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеш укук коргоо органдарынын тергөө иштерине мыйзамсыз кийлигишип жатат деп сындады, парламенттеги соңку күндөрү болгон жаңжал чууларды жеке камын жеген депутаттардын атайын максатта уюштурган аракеттери катары баалады:
-Мыйзамды, Конституцияны бузуп жатышканын билишет. Бул мыйзам чыгаруу органынын ичинде болуп, спикер тарабынан дем берилип, депутаттардын көпчүлүгү тарабынан колдоого алынып жатат. Мындай спектаклдин кимге пайдасы бар? Аны уюштургандар эмнени каалашат? Бул спектаклди сиздердин эки-үч коллегаңар жана аткаруу бийлигинен бирин-экин киши уюштуруп жатышат. Ал эми калган баарыңар моюн сунуп отурасыңар. Алар сиздерди мыкты куурчак ойноткучтай болуп башкарып алууда, -деди Курманбек Бакиев.