Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

“БӨРҮЛӨР ӨРӨӨНҮ -ИРАК” ЖЕ TҮРКИЯЛЫК ОФИЦЕРЛЕРДИН КААРМАНДЫГЫ


Жума күнү Түркияда “Ирак- бөрүлөр өрөөнү” деген көркөм тасма көрсөтүлө баштады. Өлкөдө антиамерикалык маанай күчөп турган учурда экранга чыккан фильмде Иракта адамдардын канын төгүп маашырланып жүргөн америкалык жоокер, Багдаддын четиндеги Абу Грейб түрмөсүндө отурган адамдардын органдарын кесип алып, байларга саткан жөөт доктур жана намыс үчүн согушкан түрк офицерлер тууралуу баяндалат. Батыш маалымат булактары - тасма Түркиядагы антикамерикалык маанайды дагы курчутат дешсе, көпчүлүк түрктөр көркөм филмдин саясатка тиешеси жок деген пикирде.

2003-жылы июлда америкалык күчтөр Ирактын түндүгүндөгү Сулаймания шаарындагы түркиялык тандалма-бөлүктүн кеңсесин капылеттен басып алат да түрк офицерлерди башына кап кийгизип, эки күн бою абакта кармашат; кеңсени түп көтөрө тинтишет.

“Ирак-бөрүлөр өрөөнү-” тасмасы дал ушул чын болгон окуя менен башталат. Америкалык жоокер Сэм Уильям Маршаллдын жосундарын баяндаган фильмде америкалык аскерлердин ирактыктардын үйлөнүү тоюна ок атуусу; түрк жоокеринин намысын сактоо үчүн өзүн өзү бомба менен жардыруусу; Ирактын Абу Грейб түрмөсүндө отурган адамдардын органдарын кесип алып, Нью-Йорк, Лондон жана Тель-Авивдин байларына саткан жөөт доктур тууралуу ойдон чыгарылган көркөм окуялар да бар.

Алсак, түрк жоокери өзүн бомба менен жардыргандан мурда:“Урматтуу мекендештер! Биз өз ата-бабаларыбызга окшобой, адилеттик, зулумдук жана өз ариет-намысыбыз үчүн өлүмгө барбай калдык”,-деп кат жазат. Береги кат Түркиянын чалгындоо кызматынын мартабалуу офицерине тиет. Ал чакан топ менен Иракка барып, ирактыктар менен чогуу Сэм Уильям Маршалл башындагы мыкаачы америкалыктардан өч алат.

АКШ жетектеген коалициялык күчтөр Иракка басып киришкенден бери Түркияда америкалыктарды жек көрүү маанайы күчөгөн. АКШнын Pew борбору жакында өткөргөн изилдөө түркиялыктардын 70 проценти америкалыктар десе “зобун-зордукту”, 57 проценти “ыймансыздыкты” түшүнүшөөрүн көрсөткөн.

“Ирак -бөрүлөр өрөөнү” фильмин тартууга, маалыматтарга караганда, 10 миллион доллар сарпталган. Анкаралык кишинин “Азаттыктын” кабарчысына айтышынча, көркөм тасма ал буга чейин көргөн телесериалдардан эч деле айрымаланбайт:

-Мен бул фильмдегидей окуяларды көргөндү жакшы көрөм. Алар саясат сыяктуу өтө талуу маселелерди да козгошот. Бирок, бул фильм да. Мен фильмге азгырылчу адамдардан эмесмин. Жаңы тасманын саясый күчүнө ишенбейм.

“Ирак-бөрүлөр өрөөнү” көркөм тасмасы Түркиядан башка да Кошмо Штатары, Улуу Британия, Нидерландия, Мисир, Дания,Австралия, Россияда жана Мухаммед пайгамбардын азил-сүрөтүнөн улам азыр тополоңго түшүп жаткан Сирияда да көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG