Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Дамаскиде Батыш элчиликтерин талкалоо бүгүн да улантылды


Дания менен Норвегия алардын элчиликтерин жакшылап коргой албаганы үчүн- Сирия өкмөтүн сынга алышты. Кечээ күнү Мухамед пайгамбарды азилдеп тарткан сүрөттөргө нааразы болгон караламан эл аталган эки өлкөнүн Дамаскидеги дипломатиялык миссиялары жайгашкан имаратка өрт коюшкан. Европа биримдигинин учурдагы төрагасы Австрия жана АКШ да элчиликтерге кол салууну айпташты. Жекшемби күнү кыжырданган топ Даниянын Бейруттагы консулдугун имаратын өртөштү. Сириянын коопсуздук күчтөрү Дамаскиде ислам согушчандары деп шектелген шектүү куралдуу топ менен салгылашты.

XS
SM
MD
LG