Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: БОЛИВИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ӨЗҮНҮН МАЯНАСЫН КЫСКАРТТЫ, ТОКИО БИРИНЧИЛИКТИ ОСЛОГО АЛДЫРДЫ...


Депутаттар президенттин жолун жолдошобу?

Боливиянын жаңы президенти Эво Моралес өзүнүн маянасын эки эсе кыскартуу жөнүндө жардыкка кол койду. Эми ал 1 миң 800 доллардай акча алат.
Эми башка мамлекеттик кызматкерлердин маяналары да азайтылат. Себеби, бир да чиновник президенттен көп акча ала албайт.
Үнөмдөлгөн каражат дарыгерлер менен мугалимдердин санын көбөйтүүгө жумшалмакчы. «Депутаттар да менден үлгү алса жакшы болоор», - деди Моралес. Президент маянасын кыскартууга шайлоо кампаниясы маалында эле убада кылган.
Боливиялыктар Моралес мурдагы консервативдүү мамлекет башчылардан айырмаланат деп, түпкүлүктүү индеец үчүн добуш беришкен. Шайлоочуларга Моралестин коррупцияга каршы күрөшүү ниети, байлар үчүн жаңы салыктарды киргизүү жана энергокомпанияларды мамлекеттин колуна өткөрүү убадалары өзгөчө жаккан.

Малайзиялык Кинг Конг

Малайзияда адам өңдүү маймылды издөө кампаниясы жүргүзүлмөй болду. Жакында Жохор штатынын жетекчиси йети, же адам өңдүү дөө маймылды кармоо боюнча иштерди баштоого даяр экенин билдирди.
Былтыр ноябрда 4 жергиликтүү балыкчы йетилердин үй-бүлөөсүн көрүшкөнун, алардын буттарынын издери 45 сантиметрге жеткенин айтып беришкен. Экологдор дарактардын бутактары сынган жерлерди изилдеп, дөөлөрдүн бою 3 метрге жеткенин бышыкташты.
Кээ бир тургундар жунглиде кара Кинг-Конгду көрүшкөнун айтышат.
Жохордун өкмөт башчысы Абдул Гани Осман йетилерди издеп табууга 2 экспедиция жөнөтүлөт деди. “Эң негизгиси аларга эч кандай зыян тийгизбеш керек!” – деп кошумчалайт Осман.


Ыйсанын чындап эле болгонун далилдөө мүмкүнбү?

Италиянын соту Ыйса чындап эле болгонбу деген ишти карап жатат. Римдин жанындагы Витербо шаарынын сотуна атеист Луижи Кашиоллинин арызы түшкөн. Анын айтымында христиан дини далилденбеген окуяларга негизделет. «Биздин максатыбыз Ыйсанын болгонун далилдөө же аны төгүнгө чыгаруу эмес. Биз калптын бетин ачууну көздөйбүз», - деди Луижинин адвокаты Мауро Фонцо. Бир кездери Кашиоли өзү диний семинарияда окуган. Бирок андан кийин чиркөөдөн алыстап, атеист болуп калган. Анын “Ыйса жөнүндөгү тамсил” деген чыгармасы кээ бир динаятчылардын сынына кабылган.
Эми сот бул ишти жабуу керекпи же попту чакырып, Ыйсанын болгонун далилдеген фактыларды талап кылуу зарылбы деп катуу ойлоноп жаткан кез..

Токио биринчиликти алдырып жиберди

14 жылдан бери дүйнөнүн эң кымбат шаары деген наамга Япониянын баш калаасы ээ болуп келген. Быйыл болсо биринчиликти Норвегиянын борбору Осло шаары алды.
“Экономист Интеллиженс» басылмасы жылына эки ирет иликтөө жүргүзүп, ар кандай товарларга, унаа, коммуналдык кызматтарга, тамак-аш, ичимдикке бааларды салыштырып, эң кымбат шаарды аныктайт.
Токионун экинчи орунга түшүшү йенаны арзандашы менен түшүндүрүлөт. Норвегияда болсо, тескерисинче, экономика өнүгүп, инвестициялар өсүүдө, дешет эксперттер.
Үчүнчү орунду Исландиянын баш калаасы Рейкьявик ээледи. Анын артынан дагы бир япониялык шаар Осака менен Париж, андан кийин Копенгаген, Лондон, Цюрих, Женева жана Хельсинки жайгашты.
Россиянын эң кымбаты шаары деп Москва табылды. Ал жалпы квалификацияда 29 орунду ээлейт.
Ирандын борбору Тегеран болсо 130 шаар тартылган иликтөөдө эң арзан деп таанылды. 14 жыл илгери Иран валютасынын ревальвациясынан кийин ал 1-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG