Агенттик кабыл алган чечим боюнча, маселе Бириккен Улуттардын кароосуна жиберилип жаткан менен, Коопсуздук Кеңеши аны - Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи март айында атайын доклад менен чыкканга чейин карабаш керек. Эксперттердин айтымында, мындай чечим менен Агенттик - мартка чейин Тегеран дагы ойлонуп, өзөктүк программаларын токтотот деп ойлогон.
Бирок ошол эле үчүнчү февралда Ирандын өкүлдөрү ага катуу жооп берди жана кийин өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки ал тууралуу минтип билдирди: "Америка өкмөтүнүн мындай катуу талабына биз ачык жооп беребиз. Биздин элдин өзөктүк технологияга ээ болууга толук укугу бар жана биз андай максаттан кайра тартпайбыз. Биз өз эркибиз менен акыркы эки жарым - үч жыл ичинде киргизген чектөө чараларынан баш тартабыз. Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин кошумча протоколунан биз чыгабыз жана Келишимдин өзү боюнча гана аракеттенебиз", - деди министр.
Келишимге кол койгон мамлекеттер өзөктүк технологияларды жайылтпаш керек, кошумча протокол боюнча болсо, эл аралык инспекторлор айрым мамлекетердеги абалды текшерүү үчүн алардын аймагына күтүүсүздөн келип, инспекция өткөрүшү мүмкүн.
Ирандын өзөктүк программаларына АКШ катуу каршы чыгып, маселени Бириккен Улуттарга өткөрүш керек деп көптөн бери айтып келген. Бирок Алмания, Британия жана Франция акыркы жылдарда Иран менен дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзүп, 2004-жылдын аягында Тегеран өзүнүн өзөктүк ишканаларын убактылуу жапкан. Европа мамлекеттери ал үчүн Иранга бир топ соода артыкчылыктарын жана башка жеңилдиктерди берүүнү убадалаган.
Бирок Европа өз милдеттенмелерин аткарбай жатат деп, былтыр августта Тегеран Исфахан шаарындагы ишканасын кайра ачкан, январдын башында болсо дагы бир нече башка ишкана кайра иштей баштады жана европалык мамлекеттер дагы андан соң өз турумун өзгөрттү.
Акыркы апталарда болсо Иран менен Орусия дипломаттары ортосунда бир нече сүйлөшүү өтүп, Тегеранга талаптуу уран байытуу иштери Орусиянын аймагында жүргүзүлүшү мүмкүн деп айтыла баштаган, бирок ага кызыгуусун билдирген Тегеран Венадагы жыйынга чейин ал тууралуу ачык жооп айткан эмес.
5-февралда болсо Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи атайын билдирүү жасап, Тегеран дагы жаңы сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр деп жарыялады. Бирок ал кандай сүйлөшүү болоору азырынча белгисиз.