Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

«Алтын казык» коомунун өкүлдөрү пикетке чыкты


6-февралда Жогорку Кеңештин алдына «Алтын казык» коомунун отузга чукул өкүлү нааразылык акциясы менен чыгып, ипотекалык курулушту колдоо талабын коюшту. Пикетке чыккандардын билдирүүсүнө караганда, алар өткөн жылы президенттин демилгеси менен Жал кичи районунда иппотекалык негизде курулуша баштаган көп кабаттуу үйлөрдү курууга өз үлүштөрү менен кошулушкан. Бирок акыркы мезгилде курулуштун токтоп калышына жана мэриянын ал үйлөрдү өз алдынча сатуу аракетине тынчыздандып жатканын белгилешти пикетчилер. Мэриянын көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов каржылоонун жетишпегенинен Жалда курулуш токтоп калганын билдирип, эгерде атуулдар тийиштүү каражатты табышса курулуш улантылаарын белгиледи.

7- февралга карата аба- ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 7-февралда түнкүсүн Кыргызстандын айрым облустарында жаан-чачын болот. Күндүз жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14 градус.
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз +9…+14.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус болот.
Нарын аймагында түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +11…+13 градус болушу күтүлөт.

Чолпон Орозобекова, Айданбек Акмат уулу, Бишкек

Редактору Кубат Чекиров, Бишкек

XS
SM
MD
LG