Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

АВТОУНААСЫ ЖОК КЫРГЫЗСТАНДЫК ЗЫЯРАТЧЫЛАР МЕКЕДЕН ТЕГЕРАНГА ЖОЛ ТОСУП ЖЕТИШТИ


Кожогелди Култегин, Бишкек. Тегеран шаарына Мекеден келаткан эч кандай автоунаасы жок кыргызстандык ажылардын тобу келип жетти.

Тегеранга автоунаасы жок жол тосуп келген кыргызстандык зыяратчылар менен Кыргызстандын Ирандагы элчисинин орунбасары Акыл Кылычев жолугушуп,аларды мекенине узатуу аракетин көрүп жатышкандыгын билдирди:

-Кыргызстандык бул ажылар тобу 42 кишиден турат экен. Негизинен Ош облусунун Карасуу районунун тургундары. Алар ажыга автобус менен кетип жатканда автобустары таптакыр бузулуп калыптыр Казакстанда. Анан чогуусу менен андан ары ар автоунаага түшүп жол улашкан. Мекеге чейин жетишиптир ошентип. Түндө Тегеранга кайтып келишти. Эми аларды биз автобус таап Мешхедге чейин жеткирүү аракетин көрүп жатабыз. Мешхедден биздин консулдуктун кызматкерлери тосуп алып, Түрмөнстанга виза ачтырып беришсе, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги аларды Өзбекстанга чейин коштоп-узатып коюу милдетин алат. А Өзбекстандан ары өздөрү деле эптеп кетип калышары ырас эмеспи.

Тегерандан миң чакырым алыстыктагы Мешхедге жетүү, документ ырастоо, виза алуу иштерине төрт күндүк убакыт кетиши мүмкүн. Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабына автоунаасыз калган зыяратчылар кайрылышкан эмес экен.

Ал эми Ирандын Мешхед шаарында виза күткөн дагы 900 киши бар. Дүйшөмбү күнгө чейин 1974 кишиге уруксат берилди. Алардын ичинен 1065 киши Түркмөнстан аркылуу өтүп кетишкен. Жети-сегизден автобус топтолуп, МАИнин коштоосунда алынып өтүлүүдө. Ошол эле учурда Мешхедге Меке тараптан келип аткан кыргызстандык зыяратчылардын аягы үзүлө элек.
XS
SM
MD
LG