Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

ООГАНСТАН АЛДЫДАГЫ БЕШ ЖЫЛГА БЕЛГИЛЕНГЕН МИЛДЕТТЕРДИ АРКАЛАЙ АЛАБЫ?


Британ башкааласы Лондондо өткөн аптада болгон эл аралык конференцияда Ооганстанда алдыдагы беш жылдын аралыгында ишке ашырылуучу милдет – максаттарды белгилеген документ кабыл алынды. Жыйында ошондой эле ал милдеттерди ишке ашыруу үчүн Ооганстанга эл аралык коомчулуктун ири каржылык жардамы убада кылынды. Бирок эксперттердин пикиринде, маселен, коопсуздук чөйрөсүндө мерчемделген милдеттердин ошол мөөнөттө ишке ашуусу боюнча али күмөн санаткан жагдайлар бар.

"Ооганстан компакт" деп аталган документ өлкөнүн алдында 2010-жылга чейин турган милдеттерди белгилейт. Анын бет ачарында айтылгандай, Талибан режими кулагандан соң кабыл алынган Бонн макулдашуусу толук аткарылды. Жаңы Конституциянын кабыл алынуусу, президенттик, парламенттик, жергиликтүү шайлоолордун өтүшү Ооганстандын эл аралык жамааттагы ордун калыбына келтирүүсүнө укук берди. Бирок документте көргөзүлгөндөй, өлкөнүн тынчтыгы менен коопсуздугу азырынча кепилдене элек жана бул эл аралык жамааттын терең кийлигишүүсүн талап кылат. Ооган президенти Хамид Карзай өзү конференциядагы сөзүндө мындай деген эле:

-Ооганстанды мындан ары террорчулук башкарбайт, бирок ал биздин элдин коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн коркунуч бойдон калууда. Террорчулук жалгыз эле Ооганстандын гана коопсуздугу менен көз карандысыздыгына коркунуч келтирип жаткан жок. Бул коркунуч - дүйнөнүн жана адамзаттын душманы, бүткүл дүйнө боюнча бейкүнөө адамдардын кыргына жоопкер.

Президент Хамид Карзайдын айтымында, Лондондо кабыл алынган келишим боюнча анын өлкөсүнүн алдында өзөктүү төрт милдет турат. Алар: коопсуздук, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана адам укуктары, экономикалык жана социалдык өнүгүү, наркозаттарга каршы күрөш.

Беш жылга эсептелген келишим боюнча АКШ жетектеген коалициялык аскерлер жана НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрү өлкөнүн баардык чөлкөмдөрүндө коопсуздукту 2010-жылдын аягына чейин камсыз кылуусу керек. Ал эми бул аралыкта Ооганстан өз улуттук армиясынын санын 70 миңге жеткирүүсү абзел.

Ага катар ооган өкмөтү өлкөдөгү мыйзамсыз куралдуу тайпалардын баарын 2007-жылдын соңуна карата таратууга милдеткер.

Айтор жаңы кабыл алынган келишим боюнча алдыдагы беш жылдын аралыгында коопсуздук үчүн жоопкерчилик этап – этабы менен Ооганстандын өзүнө өтө башташы керек. Лондондогу конференцияда эл аралык коомчулук Ооганстанга 10,5 миллиард доллар убада кылды. Анткен менен эксперттердин пикиринде, коопсуздук маслесинин чечилиши акчага эле көз каранды эмес болушу мүмкүн.

Маселен, азыр Ооганстанда улуттук армия курулууда. Ушу тапта анын курамында машыгуудан өтүп, даярдалган 24 миңдей жоокер бар. Алар антитеррордук операцияларга кээде гана тартылууда. Алдыдагы милдет - 2010-жылга карата аскерлердин саны 70 миңге жеткирүү. Улуттук армияны куруунун азыркыга чейинки ыргагын эске алганда, адистер бул милдетти ишке ашыруу мүмкүн деген пикирде.

Тилекк каршы, ооган улуттук полициясын куруу иши армияга караганда солгун жүрүүдө. 2005-жылдын соңуна карата, полицияга кызматка алынгандардын саны 62 миң адамды түзгөн. Азыркыга чейин алардын 40 миңи машыгуудан өткөрүлдү. Бирок бейрасмий маалыматтарга караганда, полицейлердин кесиптик чеберчилиги төмөн, кызматкерлердин 70%ы сабатсыз, айлык акылар аз болгондуктан паракорчулукка оңой эле азгырылат, кызматын өз алдынча эле таштап кеткендери да бир топ.

Эгер Ооганстан чын эле ички коопсуздук үчүн жопкерчиликтүү көбүнө өзүнө ала турган болсо, адистердин көз карашында улуттук полицияны куруу боюнча план олутуу түрдө кайра түзүүнү талап кылат. Ооган полициясы ички коопсуздуктун чыныгы таянычына айланыш үчүн каржылоонун көбөйтүлүшү менен бирге аларды даярдап, машыктыруунун реалдуу мөөнөтүн белгилөө зарыл.

Расмий Кабулдун эсептөөлөрүнө караганда, өлкөдө азыр да 10 миңдей согушкер бар. Лондондо кабыл алынган келишимге ылайык, мыйзамсыз куралдуу топтордун баары 2007-жылга чейин таркатылышы керек.

Бирок мурда Ооганстандын ар кайсы чөлкөмдөрүн көзөмөлдөгөн кол башчылардын айрымдары азыр парламент депутаты экенин, куралчан топтор ошол кол башчыларынын эрки менен жүрөрүн эске алганда, бул жараян да жеңил эле ишке ашаары арсар. Куралчан адамдары куралын таштоого шыктандыруу максатындагы сунуштар азырынча утурумдук гана жыйынтык берди. Буга чейинки айрым мисалдар көргөзгөндөй, чөлкөмдөгү колбашчылар Кабулдун амирине баш ийүүсү үчүн эл аралык коалициялык күчтөрдүн сес көрсөтүп, аралашуусу туура келген.

Борбордук өкмөттүн бийлиги өлкөнүн бүткүл аймагында орношу үчүн согушкерлерден арылуу керектиги айныксыз. Расмий Кабулда аталган максатты ишке ашыруу үчүн эки жыл убакыт бар. Анткен менен бул милдетти өтөөсүнө чыгаруу үчүн тараптардын баарынан талап кылынган саясий эрк азырынча көрүнө элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG