Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 12:13

ЙЕМЕНДИН ТҮРМӨСҮНӨН «АЛЬ-КАИДАНЫН» 13 МҮЧӨСҮ КАЧЫП КЕТТИ


Өткөн аптанын жума күнү Йемендин түрмөсүнөн 23 адам качып кетти. Эл аралык “Интерполь” уюму дүйнө өлкөлөрүн этияттыка чакырып, 13 качкын “ал-Каиданын” мүчөсү экенин маалымдады. “Интерполдун билдиришинче, качкындардын ичинде 2000-жылы АКШнын “USS Cole” аскерий кемесине жана 2002-жылы Франциянын мунай тартуучу “Limburg” кеме-танкерине чабуул жасаган террорчулар да бар.

23 арестант жер астынан адам бою эркин баткандай 100 метрлик ийин казып, абактан качып кетишкен. “Интерполь” качкындардын ичинде “ал-Каиданын” согушчаны деп соттолгон 13 адам болгонун маалымдады. Алардын атактуусу Жамал Ахмед ал-Бадави 2000-жылы Йемендин Аден портунда турган АКШнын деңиз күчтөрүнүн “USS Cole” кемесине кол салууну жетектеген. Бул чабуулда америкалык 17 аскер катардан чыккан.
Лондондук эксперт Нейл Квиллиандын сөзүнө караганда, ал-Бадави жанан Осама бин Ладен эскиден тааныш болушат:

-Ал-Бадави жана ал-Каиданын түптөөчүсү Осама бин Ладендин байланышы алар эзел Йеменде турган жылдары башталган. Ошондуктан, ал-Бадави “ал-Каида” менен жакын мамиледе болуп, чеберчилигин уюм менен кызматташып жана Ооганстанда жүрүп арттырган.

Ал-Бадави 2003-жылы атууга өкүм кылынат. Ал анда түрмөдөн кароолдордун жардамы менен качат. Бирок, кайра кармалгандан кийин өкүм өзгөртүлүп, ал 15 жылга кесилет.

Йемен “ал-Каидага” каршы согушта АКШ менен жакын союздашы эсептелет. Анүчүн, “Йемендин аздектеп кайтарылган түрмөсүнөн “ал-Каиданын” ал-Бадави сыяктуу мыкты адиси жеңил эле качып кетсе, Вашингтон өлкөгө канчалык деңгээлде ишенсе болот?” деген суроо туулат.
Нейл Квиллиандын айтышынча, Йемендин жетекчилиги террорчулукка каршы бел байлап күрөшкөнү менен, алардын бийлиги өлкөдөгү коопсуздук күчтөрүнө тегиз жайылбаган кейиптүү:

-Менин оюмча, президенттин өзү жана анын тар чөйрөсүнөн сыртка узаганда жоопкерчилик өзгөрөт. Бирок, өлкөнүн чалгындоо агенттиктери, коопсуздук кызматтары алардын көз караштарын бөлүшпөсү мүмкүн.

Йемендин абагын тешип качкан дагы бир коркунучтуу террорчу – Фаваз Яхья Рабейи. “Интерполдун” маалымдашынча, ал 2002-жылкы Франциянын “Лимбург” танкерине Аден булуңундагы кол салуу үчүн жооптуу. Чабуулда кеменин болгариялык мүчөсү окко учуп, 90 миң баррель мунай деңизге төгүлгөн.

Талдоочулар ал-Бадави непада Йемендин тоолорун байырлаган өз уруулаштарына кошулуп кетип, тынч жатса, аны кармоо кыйын болот деп боолгошот. Эгер террорчулукту кайра улантса, Квиллиан айткандай, ал-Бадави кайра “тузакка түшүшү” ыктымал:

–Йемен килейген тоолуу өлкө болгондуктан, качкындар уруулар арасына оңой эле сиңип кетип, узак мезгил табылбай жүрө беришет. Ал-Бадави 2003-жылы түрмөдөн качканда, эки айга жетпей Абиян чөлкөмүндө кармалган. Себеби, ал коопсуздук күчтөрүнө каршы бир нече чабуулду уюштурган. Ошон үчүн, бул жолу жашырынып калса, аны кармоо өтө кыйын болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG