Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

ДЕПУТАТТАРДЫ ЗЕКИГЕН ПРЕЗИДЕНТ, БУЙУРТМАНЫН СЕБЕБИ-БАҢГИЛИК, ДЕПУТАТ БОЛУУНУ ЭҢСЕГЕН ЧОТБАЕВ


Өлкөнүн негизги маалымат каражаттары 7-февралда чыга турган сандарында президент Курманбек Бакиевдин парламентте сүйлөгөн сөзүн толук жарыялашмакчы. Ага карата үн кошуулар, пикирлер да бар.

“Агым” гезитинде кабарчы Жекшенбай Мамыркуловдун макаласы “Эки дөө кагышса...” деп аталат.
“Президенттин өткөн жума күнү парламентте сүйлөгөн сөзүн бирөөлөр Жогорку Кеңешке жасалган контрчабуул десе, дагы бирөөлөр президент менен парламенттин ортосундагы көптөн бери созулуп келаткан карама-каршылыктын жеткен чеги катары баалап атышат. Бирок президент коргонуучулук абалдан кескин контрчабуулга өтүп, депутаттарга күтүүсүз сокку урду. Байкаган кишиге К.Бакиевдин ачуу сөздөрүнүн артында саясый оюндарды токтотуп, Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн чогуу-чараан иштөөгө чакырык, ынтымак сунушу жатат. Өкүнүчтүү жери - депутаттар анын сырткы тонун, башкача айтканда, эмоциясын, ачуу сынын гана көрүшүп, ички маңызын түшүнүшкөн жок” деп жазат автор.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Жеңишбек Эдигеев Жогорку кеңештин депутаты Рахатбек Ирсалиев менен маектешкен. "Сасык саясат менен мандат алган күндөн баштап алп урушууга туура келди. Коллегаларым айтмакчы, Жогорку Кеңештин трибунасы - бул саясат жасала турган жер. Саясатта Таштемир Айтбаев сыяктуу арстан болбосом да, айбаты катуу бөлтүрүкмүн” дейт депутат Рахатбек Ирсалиев.

“Агым” гезитинин кабарчысы Асран Айдаралиев Кыргыз Улуттук гвардиясынын экс-командачысы Абдыгул Чотбаев менен окурмандардын “түз байланышын” уюштурган. “Түз байланыштагы” суроо- жооптор тууралуу кабарчы мындай дейт:
- Мындай сунуштар учурда өз жердештеримдин атынан да өтө көп болуп жатат. Эми анын дагы мыйзамдуу жактары бар эмеспи. Биринчиден, Айдар Акаевдин мандаты жараксыз деп табылып, ал округ бошошу керек. Экинчиден, мен аны терең ойлонуум зарыл. Көпчүлүк жакшы билет, өз учурунда Курманов кандай статья менен Улуттук гвардиядан кеткен. Аскердик кызматка жараксыз тынчтык учурда, ал эми согуш мезгилинде эки даражага чейин чектөө коюлат деген. Экинчиден, Казакстандан пенсия алып жүргөн соң, ошол жактын атуулу болуп эсептелет, чет элдик да. Менин биринчи орунбасарым болуп жүргөндө дагы мүнөзү катаал, кыйкырып-өкүрүп, ал эмес, кол көтөрүп чаап жибермейи бар эле. Оорусу бары чын. 9-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот деп жатышат, ошондо кадрдык маселелерди карайт деп ойлоп жатам. Каралып калса, Курмановдун тагдыры ары же бери болот,-. деп жооп берген Абдыгул Чотбаев

“Аалам” гезитине жарыяланган кабарчы Алимжан Молдобаевдин макаласынын темасы «Алкымы ачылган «артист» парламент» деп аталып, мында Жогорку Кеңештин депутаттары сынга алынат.

«Президент парламенттин алкымы улам барган сайын ачылып, чектен чыгып кеткенин ачык айтып салды. Беш жыл мурда депутаттардын санын 105 кезинде депутаттардын короткон жылдык каражаты 115 миллиондон ашкан эмес. Учурда депутаттардын саны 75 болсо да 190 миллион сомго чукул каражатты жок кылышкан. Алкымы ачылган «артист депутаттар» буга да алымсынбай быйыл 300 миллионго чукул каражатты сурап турган кербези. Бул деген бир депутатты кармоого бюджет 4 миллиондон бериши керек» деп сынга алат автор.

“Аалам” гезити аркылуу ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, полковник Мурат Жумагулов өлкөдөгү адам өлтүрүүлөр тууралуу өзүнүн пикирин айткан. Анын айтымында, «Кыргызстандагы адам өлтүрүүлөр баңги зат бизнесине байланыштуу»:
“Карабалта, Аксуудагы героин бизнесине мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун тууганы Алмаз Ботушев көзөмөл кылат. Ал эми түштүктөгү бул бизнести ошол эле Б.Субанбековдун 1-орун басары болуп иштеп келген Раимбердиев карап жүргөнүн айтып коюшум керек. Себеби, ал учурда баңгизаттарды көзөмөл кылган агенттикте түштүк региондор башкармалыгынын начальниги болуп иштеп жүрөт. Мен канча ирет Өкмөттүн көңүлүн бул маселеге бурганга аракет кылдым, бирок алар «Кыргызстанда эч кандай героин бизнеси жок», - деген шылтоо менен андан качып келет. Мен бул тууралуу эч нерседен коркпой айтып жатам. Анткени, мен Кудайдан гана коркомун» - дейт Мурат Жумагулов.

«Аалам» гезитинин кабарчысы Аида Надырбекова учурда Кыргызстанда 22 ири уюшкан кылмыштуу топ бар экенин, муну ИИМдеги өткөн жыйында премьер-министр Ф.Кулов белгилегенин, алар менен күрөшүү улантыла берээрин жазган.

“Кыргыз туусу” гезити парламентте сүйлөгөн президент Курманбек Бакиевдин сөзүн толук жарыялады. Ошондой эле ага карата элдин пикирлерин да беришти. Жогорку кеңештин депутаты Бектемир Мурзаибраимов “ президент туура айтып, өз позициясын билдирди. Депутаттар өкмөт менен конструктивдүү иштешибиз керек” деп айткан. Гезит окурманы Бек Топоев “айыл чарбасын канткенде туңгуюктан чыгарабыз” деп суроо коюп, өз сунуштарын айтып, жооп издейт. “Кыргыз туусуна” Бишкектеги жаңы конуштардын көйгөйлөрүн Бакыт Баймурзаев жазды.

7- февралдагы “Эркинтоо” гезити дагы Жогорку кеңеште сүйлөгөн президенттин сөзүн толук беришти. Ага карата элдин үн кошууларында парламент саясый оюндарга алдырбай, өз милдетин аткаруу сунушталат.
“Эркинтоо” гезитинин кабарчысы Турсунбүбү Баетова Бишкектеги казинолор “Кумтөр” менен бирдей салык төлөп, казынага чоң каражат берип турганы айтылат. “Кумар оюну делип, өгөйлөнгөн менен казинолор менен жыл сайын 65 млн. сом салык төлөйт” деп, бул оюн учур талабы экенин айтат автор.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG