Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

АЛАЙКУУДА АЗЫК-ТҮЛҮК ТАРТЫШТЫГЫ ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облусунун Алайкуу өрөөнү тынымсыз жааган кардын кесепетинен он күндөн бери чоң жер менен байланышы үзүлүп калды. Мындай кырдаалга тынчсызданган оштук, алайкуулуктар аталган өрөөндө азык-түлүк жетишсиздиги башталышы мүмкүн деп кабатырланышууда.

Ош шаарындагы алайкуулуктардын көпчүлүгү он күндөн бери Алайкуу аймагында жашап жаткан туугандары менен байланыша алышпай жатышкандыгын айтышууда. Мындан бир жума илгери журналисттерге берген маалымат жыйынында Алайкуу өрөөнүндөгү калкты азык-түлүк таңсыздыгынан сактап калуу үчүн тик учактарды пайдаланышыбыз мүмкүн деп убада берген облустун жетекчиси Адам Закиров өз сөзүнүн өтөсүнө чыга алган жок деп белгилешүүдө жергиликтүү талдоочулар:

- Транспорт менен керектүү жылуу кийимдер менен тамак-ашты жеткиребиз. Эгерде жакынкы күндө жол ачылышы мүмкүнчүлүгү болбой калса, анда керектүү тамак-аштарды, буюмдарды вертолет менен жеткирүүгө аракет кылабыз – деген эле Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров.

Улуттук биринчи теле каналы аркылуу Алайкуу өрөөнүндөгү абал көзөмөлдө экендигин белгилешкен чукул кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине Ошто жашашкан алайкуулуктардын атынан атайын кайрылуу дайындалгандыгы дайын болду. Анткен менен аталган милистрликтин Ош облусу боюнча атуулдук коргонуу башкармалыгынын башчысы Сапарбек Эрматов абал дагы деле өз жайында экендигин белгиледи:

- Азык-түлүктөр элде бар. Андай деле кыйынчылык болбойт. Үч-төрт күндө жолду ачып жиберсек өтө муктаждыктар болбойт. Жолду кайра тазалап, коопсуз кылып ачабыз деген оюбуз бар.

Ал эми Ош облусунун губернаторунун маалымат катчысы Алишер Токсонбаев облустук бийлик менен чукул кырдаалдар министрлигинин коомчулукка жана мамлекет башчысына Алайкуудагы абал боюнча жалган маалымат берип жатышат деп айыптады:

- Облтелекомдун башчысы байланыш бар деп жанын жеп атат, байланыштын дайыны жок. Биринчиден, алайкуулуктар чегара аркылуу байланышка чыгып атышат, экинчиден, азык-түлүк түгөндү. Азыр эл жүнүн жеп атат. Айласы кууруганда заставаны басып алып алардын азык-түлүгүнө, курал-жарагына кол салышы мүмкүн. Ушул жагын бийлик ойлонбой атат. Бакиев баштаган кыргыз бийлиги ушул жагын катуу ойлонушу керек.

XS
SM
MD
LG