Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШТЕ КИМДИН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНАТ?


Жайында Германиянын шаарларында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болот. Бир айга созулчу мелдеште 8 топко бөлүнгөн 32 улуттук команда дүйнөнүн кубогу үчүн ат салышат. Топ жарып, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Мыкты футболчулар ким болушу ыктымал? 2006-жылкы чемпионат мурдакы чемпионаттардан эмнеси менен айрымаланат?

Быйыл Германиянын шаарларында өтчү футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке арналган бул баяндама- 2006-жылдагы чемпионаттын буга чейинки чемпионаттардан айрымасы тууралуу. Себеби, ар бир ири мелдеште, айрыкча, футболдо оюндун көркүн ачкан же оюндун өзгөчө тактикасын карманган командалар, техникалык чеберчилиги, болбосо дарбазага кооз тээп киргизген тобу менен күйөрмандын эсинде калган мыкты оюнчулар болушат.

Эмесе, адеп сөздү 32 жыл мурда Батыш Германияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттан баштасак. Батыш Германия деп бөлүп айткан себебим, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин капиталисттик Батыш жана коммунисттик Чыгыш Германия болуп бөлүнгөн немецтер 1990-жылы Берлин дубалы кыйраганда кайра биригишкен.
Ошентип, 32 жыл мурда Германияда болгон чемпионаттын өзгөчөлүгү жөнүндө грузин журналисти Давид Какабадзе ой бөлүшөт:

-1974-жылкы чемпионатта голландиялыктар оюндун тоталдык футбол деген стилин алып келишти жана тоталдык футбол деген жаңы түшүнүк пайда болду. Ошондо нидерланддарды футболдун романтиктери деп аташкан. Тоталдык футбол дегендин себеби, алардын командасы майданда мурдакыдай таза коргоочуларга, жарым коргоочуларга жана чабуулчуларга бөлүнүшпөй, бүтүндөй команда чабуулга катышып, бүтүндөй команда коргонууда ойношкон. Бул, албетте, өтө чоң физикалык даярдыкты талап кылды. Круиф жана башка оюнчулар атлетикалык даярдыкты артистизм, өнөрпоздук чеберчилик жана мыкты техника менен айкалыштырышты.

Давид Какабaдзе 1980-жылдардан бери эл аралык ири футболдук мелдештерге калтырбай барып жүрөт. Давид бир жылдары “Советский спорт” гезитинин Түндүк Кавказ боюнча өз кабарчысы болуп иштеген.

Берадор Абдраимов-мурдакы СССРдин жаштар, олимпиадалык жана улуттук курама командасынын катарында жүрүп атаандаштардын дарбазасына 23 топ киргизген. Үч топту олимпиадалык командада ойноп жүргөндө киргизген. Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын өзгөчөлүгү жөнүндө Берадор акенин кеби:

-Көпчүлүк машыктыруучулар футбол тез ойнолуп калды дешет. Бирок, анын маңызы качты. Оюндун ыргагы тез болгондуктан футболисттердин жүгү оорлоду. Ырасында эле, оюнчу топту токтото электе, каршы команданын футболчусу бутуңдагы топту тартып алганы турат. Топ менен ылдам жүгүргөн жана ага каалагандай мамиле кылган техникасы мыкты футболчулар-бразилиялыктарды айтпаганда- азайып баратат. Футбол мурдагыга салыштырганда бир кыйла ылдам оюнга айланды. Андыктан, ыкчам ойлонуу зарыл. Бир көз ирмемде топту жоготосуң, бир секундда атаандаш команданын футболчусу же артыңдан, же капталыңдан жөөлөп, чабуулга өтөт.

Берадор Абдураимов 1943-жылы Кыргызстандын Токмок шаарында туулуп, болочок фуболчу 3 жашта экенде ата-энеси Ташкенге көчүп кетишкен. Берадор аке “Пахтакор” командасына 17 жашында чакырылып, бардыгы 358 жолу ойногон. Бул рекорд. Башка бир да өзбекстандык футболчу бул рекордго жеткен эмес. Берадор Абдураимовдун футболго сиңирген эмгеги үчүн ага “Өзбекстандын сыймыгы” деген ардактуу наам ыйгарылган.

2006-жылы Германиянын шаарларында 9-июнда башталчу чемпионат мурда өткөн дүйнөлүк биринчиликтерден эмнеси менен айрымаланат? Кыргызстандык футбол билерманы Табылды Асыгалиев:

- Азыркы футбол өтө ылдам ыраатта өтүп, майдандын ар бир метри үчүн жанталшкан күрөш жүргөндүктөн, футболчулардда илгеркидей алдап ойногонго убактылары жок. Ошон үчүн мурдакыдай романтикалуу футбол жоголду. Азыр бардык командалар техникалык жана тактикалык эрежени аткарууга программаланып калышкандай... Мурда Пеле, Круиф же Марадонага окшогон жылдыздар оюндун тагдырын жалгыз чечип коюшчу. Азыр дале ошондой. Бирок, жылдыздардын оюну жалпы командага таянбаса жүрбөйт. Мурда Мюллер сыяктуу бир чемпионатта 12-13 топ киргизген чабуулчулар болсо, азыркы чемпионатта мыкты деген оюнчу 6-7 топ киргизиши ыктымал.

Ар бир чемпионатта, албетте, анын көркүн чыгарып, күйөрмандар менен адистердин эсинде калчу, футболдун тарыхын байытчу мыкты оюнчулар да чыгат.
Менин эсимде, бразилиялык атактуу футболчу Пеленин 1970-жылкы Мексикадагы чемпионаттагы оюну. Жаңылбасам, Чилинин болсо керек, дарбазачысы алда кайда алдыга чыгып кеткенин байкаган Пеле майдандын орто ченинен топту асмандата каршы тараптын дарбазасын көздөй тээп калды. Дарбазачы асмандан келаткан топту үлгүрүп жетип кармай албай, жаңылыштыгы бир голго турган.

Быйылкы дүйнөлүк чемпионатта кайсы футболчунун жолу болуп, жылдызы жанышы мүмкүн?
-Менин оюмча, бразилиялык Рональдино Европанын жана Дүйнөнүн мыкты оюнчусу деген наамын актоого милдеткер,- дейт Украинанын 1-улуттук телеканалынын футбол баяндамачысы Валентин Шербачев. -Биздин Андрей Шевченко да жакшы оюн көрсөтүү үчүн бардык күчүн жумшайт деп ишенем. Шевченкого тегин жерден футболдо башкаларга окшобогон өзүнө гана таандык стили бар инсан деген аныктама жабышкан эмес да. Мыкты оюнчу наамын алчу кеминде 15 футболчу бар. Дүйнөлүк чемпионат жаңылыктардын убагы. Балким, буга дейре белгисиз жаш оюнчу 1986-жылкы чемпионаттагыдай жылт этип суурулуп чыгышы мүмкүндүр. Дүйнөлүк мелдеште ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болот. Ошон үчүн мурдатан мыкты оюнчу тигил же бул болот деп айтуу калпыс иш.
XS
SM
MD
LG