Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Турсунбек Акун бийлик башчыларын касташпоого чакырды


БИШКЕК. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун президент Курманбек Бакиевди, премьер-министр Феликс Куловду жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди жеке амбицияларынан өйдө болууга жана Кыргызстан элинин көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн бирдиктүү аракеттерди көрүүгө чакырган кат жолдоду. Турсунбек Акундун пикиринде март ыңкылабынан кийин бийликтин күнөөсү менен кадр тандоодо каталыктар кетти, конституциялык реформа аягына чыкпай калды, кылмыштуулук күчөдү. Ошол эле учурда, укук коргоочунун оюнча, Жогорку Кеңеш иш жүзүндө өз алдынча мыйзам чыгаруу органга айланды жана ага азыр мурдагыдай президенттин администрациясы тарабынан кысым жасалбайт. Бирок, парламент айрым учурларда саясий оюндар менен алек болууда. Феликс Кулов тарабынан да катачылыктар кетирилип жатат. Турсунбек Акун Бакиев, Кулов жана Текебаевди элдин кызыкчылыгы үчүн каршылашууга барбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG