Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Президент менен премьер-министр тандемди сактай турганын билдиришти


БИШКЕК. Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов 6-февралдагы жолугушууда Кыргызстандагы туруктуулук үчүн тандемди сактоо керек деген бир пикирге келишкен. Бул тууралуу премьер-министр 7-февралда маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин «Кабар» агенттиги жазып чыкты. «Биз бул теманы кандайдыр бир чыңалуу пайда болгондон эмес, саясатчы катары позицияларыбызды тактоо максатында козгоп, туруктуулук үчүн тандемди сакташыбыз керектигин белгиледик», деген өкмөт башчы.

XS
SM
MD
LG