Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Башкы прокуратура Аскар Акаевге берилген 400 миң доллар тууралуу ишти сотко өткөрүп берди


БИШКЕК. Башкы прокуратура бюджеттик каражатты ири өлчөмдө уурдоо жана аны мурунку президентке мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча козголгон кылмыш ишин сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу прокуратуранын жооптуу кызматкери Сумар Насиза 7-февралда билдирди. Анын маалыматына караганда, бул иш боюнча беш кишиге күнөө коюлууда. Алардын арасында Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов, мурунку каржы министри Султан Медеров, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов бар. Кылмыш ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 26-январда жиберилген.

XS
SM
MD
LG