Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

ОРУСИЯ: ЧЕЧЕН ЖИКЧИЛЕРИНИН ЛИДЕРИ МИНИСТРЛЕРДИН ОРДУН АЛМАШТЫРДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Чечен сепаратисттеринин лидери Абдул Халим Садулаев “Ичкерия республикасынын өкмөтүндө кадрларды алмаштырган” токтом чыгарды. Ага ылайык, чечен жикчилеринин Лондондогу ырасмий өкүлү Ахмед Закаев вице-премьерликтен четтетилип, маданият министрлигине дайындалды. Андан сырткары бардык министрлер эми Чеченстанда болушу шарт экени айтылды.

Кремль соңку жылдары чечен жеринде президенттик, анан парламенттик шайлоо өткөрүп, көзөмөлдү оз колуна алганын кайталап келатат. Москва чечен президенттигине да, жаңы парламентке да өзүнө баш ийген адамдардын тандалышына жетишти. Бирок азыркы Чеченстандын ырасмий бийлигинен сырткары өздөрүн “Ичкерия республикасынын өкмөтү” деп эсептеген адамдар да бар.

Алардын башын бириктирип турган Аслан Масхадовду былтыры орус аскерлери өлтүрүп, жок кылышкан. Ошондо анын ордун белгисиз бир молдо Абдул-Хаким Сайдуллаев баскан эле. Көпчүлүк аны “Шамиль Басаевдин адамы” деп жүрөт.

Соңку мезгилдерде Сайдуллаев башкарган “Ичкерия өкмөтүнүн” айрым мүчөлөрү интернеттеги сайттар аркылуу өз ара бир топ эле каяша айтышып калышты. Ичкерия өкмөтүндө басма сөз жана маалымат министри болуп жүргөн Мовлади Удугов: “Биз Батыш тараптан таңууланган мамлекеттик институттардан баш тартып, дүйнө бизди кабыл алсын деген аракетибизди токтотушубуз керек”, - деген.

Министрдин бул чакырыгына анын кызматташы, Британиядан саясий башпаанек таап, Лондондо жашап жүргөн Ахмед Закаев каршы чыкканы бар. Ал: “Эгерде чечен козголоңчулары эларалык нормаларды тоотпой, алардан баш тарта турган болсо, бизди дүйнө каракчылар менен талоончулардай, баш кесерлердей эле көрүп калат”, - деп жазган.

Чечен сепаратисттеринин интернеттеги сайтында “Ичкериянын лидери минтип министрлердин оордун алмаштырып олтурушуна да дал ушул министр Удугов менен вице-премьер Закаевдин ортосундагы айтышуулар себеп болгон” деп жазылат.

Эми чечен жикчилеринин Лондондогу өкүлү Закаев “вице-премьерликтен” түшүп, “маданият министрлигине” дайындалды. Ал эми Удугов болсо “Маалымат министрилигинен” четтетилип, жөн эле “улуттук маалымат кызматынын башчылыгына” бекитилди. Бул министрлик кызмат эмес.

Саламаттыкты сактоо министринин кызматына Францияда жүргөн Умар Ханбиев дайындалды.

Сайдулаевдин буйругуна ылайык, эми Лондондогу Закаев менен тышкы иштер министринин кызматына бекиген Ильяз Ахмадовдон башка баардык министрлер Чеченстандын аймагында иштеши лаазым.

Ахмед Закаев “Азаттыктын” чечен редакциясына Ичкерия өкмөтүндөгү соңку өзгөрүүлөр жөнүндө айтып жатып, аны “Козголоңчу лидерлерди өз мекенине топтоо аракети” деп сыпаттады.

- Өткөн жылдын августунда өкмөттө тышкы жана гуманитардык иштер боюнча бөлүм түзүлүп, ага мен башчылыкка дайындалгам. Бул бөлүмгө, ошол токтомдун негизинде, чет-мамлекеттерде жашаган 5 же 6 министр да кирген. Бөлүм ишке кирише баштаганда эми алар жумушту ойдогудай алып кетет ко деген үмүт пайда болгон. Бирок соңку 2-3 айдагы окуялар көрсөткөндөй, бул планыбыз ишке жарабай калды. Анын үстүнө, республиканын өзүндөгү саясий, аскерий абал да өзгөрдү. Азыркы “кадрдык алмашуулар” министриликтердин, министрлердин жана өкмөттүк кызматкерлердин ролун сыртта эмес, мекенде жогорулатуу максатын көздөйт, - деди эларалык коомчулук тарабынан таанылбаган Ичкерия республикасынын маданият министри Ахмед Закаев.

Айрым аналитиктер “чечен башчылыгы улам радикалдашып баратканда, Закаевдин токтоо мүнөздөгү билдирүүлөрү мезгилге туура келбей, анын вице-премьерликтен алынышына да негизги себеп болду” дешет.

Закаев - Ичкериянын буга чейинки лидери Аслан Масхадовдун ишенген адамдарынын бири болчу. Масхадов Москва менен сүйлөшүүлөргө барууга ыкластуу экенин билдирип, бул аракеттеринен кайтпаганы да белгилүү.

Москвадагы Карнеги Борборунун аналитиги Алексей Малашенко Закаевдин вице-премьерликтен четтетилишине анча деле таң калбаганын айтат.

- Бул жерде азыр жаңы адамдар, балким, мындан да радикалдуу адамдар пайда боло баштады. Алар бир эле Чеченстан менен чектебей, жалпы Түндүк Кавказга таасир этүүгө далалаттанып жатышат. Бул таризден алганда, Закаев азыр баары үчүн эле “кечээки күндүн адамы”. Анткени ал Масхадовдун,ошол сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болгон мезгилдин өкүлү. Азыр болсо эч кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес, - деп эсептейт орусиялык серепчи Алексей Малашенко.

Чечен согушу башталгандан тарта эле Кремлдин аракеттерине каршылык көрсөтүп келаткан Закаевди ырасмий Москва “террорист” деп эсептейт. Орус бийликтери Британияга далай ирет кайрылып, Закаевди Орусияга өткөрүп беришин суранышкан. Бирок бул аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG