Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13

ДУНГАНДАР “ИСКРАДАН” КӨЧҮП КЕТЕ БАШТАШТЫ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Чүй районунун Искра айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар арасында чыр- чатак чыккан. Ошол башаламандыкта ок чыгарган жана курал- жарак алып жүргөн делип алты адам камакта жатат. Бүгүн бул айылда кырдаал бир аз тынчып калганы менен дунган улутундагы адамдар убактылуу башка жакка көчүп кетип атышат.

Эртең менен барганыбызда айылдын чок ортосунда 300гө чукул милиция кызматкерлери топтошуп, алар коомдук башаламандыкты токтотуу боюнча машыгуу өткөрүп жатышыптыр. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов кырдаал тынч, ал эми кызматкерлер кезектеги машыгууну өткөрүп жатышканын айтты. Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кемел Киязов айылдагы кырдаал толук көзөмөлдө деп билдирди.

Искра айылынын өзүндө 1800 түтүн дунгандар, 800 түтүн кыргыз жашайт. Биз барганда көчөдө ОМОН отряды, автоинспекторлор жана чек арачылардан башка жеригиликтүү тургундар аз жүрдү. Көбүнчөсү үйүнөн чыкпай отурса, ал эми дунгандардын көбү бала-чакасын башка жакка эчак кетиргендигин айтышты. Калгандары болсо башка жактагы тууган-туушкандарыныкына кетүүгө кам уруп жатканына күбө болдук. Чоң машиналарга уй-жылкысын жүктөп, айрым баалуу буюм- тайымдарын алып кетип аткандарга микрофон сунганыбызда алар талап- тоноочулуктан сактап калуу аракети катары түшүндүрүштү. Бирок, райондук прокурор Өмүралиев мырзанын айтымында, айыл ичинде эч кандай талап- тоноочулук орун ала элек:
- «НТС» каналынан айрым дунгандар сүйлөп, аларды талап- тоноп атышат деп айтышты. Бул туура эмес. Эч кандай талап- тоноочулук болгон жок. Болгону дунгандардын үйлөрүнүн айнеги талкаланып, чөптөрү өрттөндү, бул боюнча материалдар топтолуп атат. Кылмыш иштери козголушу ыктымал. Ал эми курал- жарак менен кармалгандарга кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайда кармалууда,- дейт прокурор Өмүралиев.

7-февралда айыл ичин аралаганыбызда дунган улутунунун өкүлдөрү үй- бүлөөсүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданып жаткандыгын билдиришти.
- Эки- үч зөөкүрдүн айынан бүтүндөй айыл жапа чекти. Биз деле кыргыз балдарды томоктогон балдарыбызды коргобойбуз. Ушул зөөкүрлөрдүн мушташып кеткенинен улам тынч жашаган эл жабыр тартып атабыз. Ушул эки күн ичинде аябай нерв болдук, мындан ары кантип жашайбыз? Мен балдарымдын жашоосу үчүн, өзүмдүн өмүрүм үчүн коркуп атам. Мен бул айылда калгым келбей калды, -дейт Зухра.

Ал эми Мариям деген аял дунгандардын көбү үйлөрүн таштап убактылуу айылдан чыгып кеткен деп айтты:
- Үйлөрүндө жок, баары кетишкен. Көбүнчөсү тууган- туушканына кетти. Балдар үчүн коркунучтуу болду, таш ыргытып, терезелерди талкалашты, балдардын башына тийсе эмне болот?

Айрым дунгандар болсо керек болсо саясий башпаанек сурайбыз деп билдиришүүдө. Алардын айтымында, кырдаал ушундай болсо Казакстанга же башка мамлекеттерге кетүүгө аракет жасашмакчы. Бирок алардын айтымында, азырынча башпаанек сурашкан жок.

Дунгандардын көбү бул чатакка милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тиешелүү деңгээлде аралашкан жок деп нааразы болушууда. Ушул окуя бийликтин алсыздыгын көрсөттү жана өлкөдөгү стабилдүүлүктүн олку- солку болушуна кызыкдар күчтөр бар деген ойлорун айтышты.
Айылдын тургундары көчүп кетсин деген беш үй- бүлөө айылда жок экен, үйлөрү бош турат.
- Кантип жан багабыз, биз талаа менен гана жан багабыз. Эмне өстүрсөк ошонун баары- биздин байлыгыбыз,- дейт Харки деген жигит.-Бай жашаш үчүн иштеш керек, биз иштеп атабыз ага ич күйдүүлүк кылыштын кереги не. 3 гектар, 5 гектарлап айдайбыз. Биз бирөөнүкүн уурдаган жокпуз, маңдай тер менен табабыз.

Дунган улутунун өкүлдөрүнүн пикири ушундай болду. Искрадагы дунгандарга ушул айылдагы гана эмес, коңшу Кара-Дөбө айылындагы кыргыздар дагы нааразы экен. Алар дунган улутундагы байып алган адамдар көп учурларда кыргыздарды жемелеп, какыс- кукус кылып, кол көтөрөт деген дооматтарын айтышты.
- Мектепте дунгандын балдары акчаларды уучтап көтөрүп алышып, биздин балдарды басмырлашат. Мектепте отурган окуучу кыздын чачына өрт коюп ийишкен. Алардын юбкасын өйдө кылышып, кыздарды мазактаганга чейин барышат. Мектепке бараткан балдарды кармап, момунча акча алып келесиң деп салык салышат экен.

- Бул жолу чоң чатак чыкты, а ортодогу элге билинбеген чатактар канча болгон. Балдарды жолдон кармап сабап коюшат. Кечинде жалгыз көчөдө келаткан болсоң анда болду, сөзсүз токмок жейсиң. Кой урушпайлы деп аксакалдар канча жолу чогулуп айтып да көрүштү. Акыркы ирет эки баланы тепкилеп коюшту, анан чыдабай калдык.

- Булар жерди тытып иштетишет, туура эмгектенишет. Биз мына эми жердин сырын үйрөнө баштадык, биз деле иштей баштадык. Совет убагында айлыкка иштеп көнүп алыптырбыз да. Жанды багыш керек да, айылда көбү ушуларга жалданып иштешет. Талаадагы эмгек акысын жөн бербей, ал аз келгенсип мазактагандарычы. “Биз силерди сатып алабыз” деген сөздөрү жетип кетти. Талаадан жаш кыздарыбызды мазактагандарычы, бул деген 10 жылдан бери бышып жарылайын деп калган маселе болчу!

Экинчи тараптын пикири ушундай. Акыр бул маселеде тигил же бул жакка болушуудан же колдоодон алыспыз. Болгону бул айылда жакырчылык жаан жумушсуздук өңдүү социалдык маселелер да бир жагынан огожо болгондугу анык.
Алгач эки кыргыз баланы дунган балдар сабап коюшат. Ошондон кийин 4- февралда айылдын 150гө чукул тургун 5 дунган үй- бүлөөнүн 24 саат ичинде көчүп кетишин талап кылышкан. 5- февралда кайра чогулган элге «Фольксваген» үлгүсүндөгү машинадан белгисиз бирөөлөр ок чыгарышкан. Автоунааны кармаган учурда андагы дунган улутундагы адамдардын жанынан гранаталар жана башка курал- жарактар табылган.

Октун бири ошол жерде турган адамдын минип турган атына тийген. Бул окуя жергиликтүү тургундарды ого бетер жаалдантып, аларга коңшу айылдан да адамдар кошула башташкан. Учурда бул окуяларды иликтөө үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов «Азаттыкка» билдиргенге караганда, бардык күнөөлүүлөр өз жазасын алышат.

XS
SM
MD
LG