Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

ТАНДЕМ – МУНАСАНЫН ЖАРАКАСЫ, «ИСКРАДАН» ЧЫККАН ӨРТ


Маалымдоо каражаттарында Бакиев-Кулов тандемине жарака кеткени арбын айтыла баштады. Өкмөт башчынын президент өлкөдө жок кезинде кайрылуу менен чыгышы, ага жооп кылып К.Бакиевдин парламенттеги сөзүндө өкмөт башчынын дарегине сын айтышы антишке кайсы бир деңгээлде өбөлгө түзүүдө. Токмоктон анчалык алыс эмес «Искра» айылындагы жаңжал да кыйла кооптонууну жаратууда.

Шаршембидеги «Республика» гезитинде саясий баяндамачы Алымбек Биялиновдун К.Бакиевдин парламенттеги сүйлөгөн сөзүн талдоого алган «Бакиев чакырык таштады, жообу кандай болор экен?» деген макаласы жарыяланды. Көпчүлүктүн арасында азыркы парламентке ичи чыккандар аз болчу. Кыйла талаш-тартышты, артынан революцияны ээрчите келген парламенттик шайлоонун кандай өткөнү элдин эсинен чыга элек. Депутаттардын кимиси кантип мандатка жетишкени да жашыруун эмес. Парламент башынан эле аткаруу бийлигин сүйүңкүрөбөй, көбүнесе саясий оюндар менен алек болуп келатканы белгилүү. Президенттин сынына эми парламент кандай жооп узатар экен, деп белгилейт макала автору.

Ушул эле гезитте Татьяна Попованын «Тандем бузулду окшойт» макаласы жарыяланды. Бир жерде, жадесе бир кабатта иштеп отурган өкмөт башчы мамлекет башчысына кат менен кайрылууда. Катта Ф.Кулов К.Бакиев Кыргызстанда жок кезинде криминалдын тизгинин тартып коюу аракетин жасаганы, анысынан эч кандай мыйзамга же этикага кайчы келген нерсени көрбөй атканы айтылган. Кат президенттин парламенттеги сөзүнө жооп катары чыкты. Эки жетекчинин ортосундагы мамиленин минтип кат формасына өткөнү абыдан эле таңдантчу окуя, деп белгилейт макала автору.

Гезиттин жаңы санында тандем азырынча бир жакшы иштин өтөлүнө чыкканы белгиленген. Материал «Кулов менен Бакиев отургуза башташты, азырынча балатыларды» деп аталат.

Феликс Куловдун президент Курманбек Бакиевге жолдогон катынын текстин шаршембидеги «МСН» гезити да жарыялады. Басылманын жаңы санында «Эркинтоо» басмаканасындагы бүдөмүк иштерди баяндаган Людмила Жолмухамедованын «Жолдун баары Урумга алып барат» аттуу макаласына да орун берилген.

Ушу тапта Кыргызстан кызык ахывалды башынан кечирүүдө, элдин баарынын эле эрмеги саясат болуп калган. «Бакиев-Кулов тандеминин ортосунда чоң жарака бар экени көрүнүп, Кулов менен Айтбаев, Акматбаевдин да тирешүүсү ачыкка чыкты» деп жазды 7-февралдагы «Кыргыз руху» гезити.

Азыркы парламентти «Акаев аспеттеп, бирден кулактарына чертип көрүп, башка чапса кыңк этпей тургандарын тандап, анан өзүнүн тизмесине киргизип, акчалай жардам берип, административдик ресурсту кеңири колдонуп, айрымдарын сүйөп-таяп, кээ бирлерин аркаларына тепкилеп жатып парламентке өткөргөн», деп жазды 7-февралдагы «Жаңы кылым» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаев «Парламенттеги «базарком» депутаттардын ишмердүүлүгү 142 мыйзам менен чектелеби?» деген макаласында.

Базар күнкү «Искра» айылындагы кыргыздар менен дунгандардын жаңжалы уккандарды айран таң калтырды, деп жазды 7-февралдагы «Вечерний Бишкек» гезити. Кыргызстанда 50 миң ашуун дунгандар жашайт. Кыз алышып, кыз беришип, кудалашып калган эки элдин жаңжалы дагы жер которуп көчүүнү күчөтпөйбү, деп суроо коет Эрлан Сатыбеков менен Элвира Темир. Авторлордун ырасташынча, өспүрүмдөрдүн урушу чыңалып турган мамиленин «чарт» жарылышына алып келген болуу керек, а негизи жаңжалдын сыры тереңде.

«Искра» айылынан чыккан өрт убагында басылды, эми андай окуя башка жерлерде кайталанбашы үчүн эмнелерди жасоо керектигине шейшембидеги «МСН» гезити да токтолду.

Басылманын жаңы санында Е.Скородумованын «Бюджет жөн эле кагаз эмес» деген макаласы чыкты. Парламенттеги 2006-жылдын бюджети кандай талкууланганы шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан», «МСН», «Республика», шейшембидеги «Эркинтоо», «Кыргыз туусу» гезиттеринде да чагылдырылды.

Экономикалык дагы бир маанилүү документ Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу парламент тарабынан кабыл алынган мыйзам долбооруна президент кол койгону апта башындагы басылмалардын дээрлик баарында чагылдырылды. Жаңы мыйзамга ылайык кошумча нарк, жеке киреше салыгы азайтылып, айыл чарба өндүрүшчүлөрү кошумча нарк салыгынан толук бошотулат. Ошондой эле биртоп жергиликтүү салыктар жоюлган.
XS
SM
MD
LG