Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Даниялык компаниялар ири чыгымдарга дуушар болууда


Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр менен байланыштуу айрым мусулман өлкөлөрү Батыш Европалык мамлекеттер менен соода байланыштарын да үзгөнүн жарыялады. Перс булуңуна чыккан мусулман мамлекеттери Даниядан импорттолуп келген тамак-ашка бойкот жарыялагандан "Арла фудс" аттуу компания миллиондогон доллар чыгымга учураган. Компаниянын деректирлеринин бири Астрид Гейд Нильсендин айтымында, бул чыгым фирманын экономикалык абалына катуу сокку болду: "Биз өз бизнесибизди 40 жыл кургабыз жана эми беш күндүн ичинде ал толугу менен токтоду. Мусулман өлкөлөрү менен бир жылдык соода 500 миллион долларга жетип турган, ал биздин экономиканын бир кыйла орчундуу бөлүгү болчу жана Жакынкы Чыгышты биз стратегиялык аймак деп, ал бизнеске акыркы мезгилде бир топ жаңы каражат салганбыз. Азыр болсо Жакынкы Чыгышта биздин бизнес дээрлик толугу менен токтоду", - дейт Нильсен айым.

XS
SM
MD
LG