Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

КЫРГЫЗСТАНДА САЛЫК ЖҮГҮ АЗАЙДЫ


Президент Бакиев Кыргызстанда салык жүгүн жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Жаңы чечимге ылайык жеке киреше салыгы жана пайда салыгы 10 пайызга түшүрүлүп, айыл чарба продукциясынан кошумча нарк салыгы алынып салынды. Эксперттер салыктардын өлчөмүнүн азайышы өлкөнүн инвестициялык беделин жогорулатат деп белгилешүүдө.

2005-жыл 24-марттагы ыңкылаптан кийин бийликке келген азыркы президент Курманбек Бакиев жаңы бийлик салык жаатында жеңилдиктерди жасаарын билдирген. Бул убада “Салык кодексине өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү тууралуу” мыйзамга кол коюу менен аткарылганын каржы министри Акылбек Жапаров билдирди:

Менин оюм боюнча, бул инвестициялык климатты оңдойт. Эгерде саясий туруктуулук болсо, салыктын ушул көлөмдөрү менен мурункудай бир да инвестор келип бизден жеңилдиктерди сурабайт. Бул жаңы өкмөттүн экономикага болгон чоңдон-чоң салымы. Курманбек Салиевич Бакиев шайлоо алдында эле ушундай убадаларды берген эле, биз ошолорду ишке ашырдык.

Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык жеке киреше салыгы менен пайдадан алынчу салык он пайызга түшүрүлүп, айыл чарба продукциясынан кошумча нарк салыгы алынып салынды. Андан сырткары өлкөгө алынып келинген жабдуулардан да кошумча нарк салыгы алынбайт. Балык уулоо, аңчылык,алыска сапар алган туристтерден салык алуу сыяктуу жалпысынан жергиликтүү 12 салыктын түрү жоюлган.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев “Салык” кодексине киргизилген өзгөрүүлөрдү оң баалады:
Биз кабыл алган мыйзамдарга президент кол койсо абдан жакшы. Бул жаңы бийликтин жакшы өбөлгөсү жана дурус кадамы.

Сариевдин пикиринде, салык тармагында мындан ары дагы жеңилдиктер жасалууга тийиш. Маселен, өзгөчө кырдаалдар, жол салыгы жоюлуп, социалдык төлөмдөрдүн көлөмү төмөндөтүлүүгө тийиш. Темир Сариев ошол эле кезде инвесторлор көбөйүүдө деген расмий бийликтин билдирүүлөрүнө кошулбайт. Анын айтымында, тескерисинче, кылмыштуулуктун күчөшү, саясий олку-солкулук инвесторлорду чочутуп жатат.

Салык жүгүнүн жеңилдетүү жөнүндө дагы радикалдуу кадамдарды жактаарын Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, ишкер Болот Байкожоев да ачыктады:

Бутубузга турганча мен салыктардын баарын азайтууну сунуштайт элем. Ал үчүн мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу зарыл. Азыркы кезде жыйналган салыктардын 40-50% мамлекет өзүнө алууда, ал эми милиция,мугалимдерге, дарыгерлерге 10-15% гана берилип жатат. Калганын мамлекеттик администрация, депутаттарга кетип жатат.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, ушу тушта жогорку бийлик башындагы лидерлердин бир багытта эриш-аркак иштей албашы, тескерисинче алардын саясий күрөшү тирешүү тенденциясына багыт алышы кыргыз экономикасынын беделине доо кетирүүдө. Бул кырдаал жакшы жагына өзгөрбөсө, инвесторлордун бийликке ишеними азайып, алардын Кыргызстандан качышына алып келиши ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG