Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Украина газ боюнча Орусия менен жетишилген келишимдерден баш тартышы мүмкүн


Бүгүн Украинанын премьер-министри Юрий Ехануров: “Эгерде Орусия менен Украина ортосунда көгүлтүр газ боюнча жетишилген келишим Орусияда кимдир бирөөгө жакпай атса, анда Киев аны “күчүн жоготту” деп тапканга даяр”, - деди. Ехануровдун бул билдирүүсү Путиндин айткандарына жооп катарында жасалгандай болду. Анткени орус президенти буга чейин: “Азыр Украинага орусиялык жана борбор азиялык газды сатып турган “РосУкрЭнерго” компаниясынын акцияларынын жарымысы украиналык структураларга таандык”, - деген эле. Аталган компаниянын баалуу кагаздарынын жарымысы орусиялык “Газпромго” карайт. Ал эми экинчи жарымы австриялык RaiffeisenInvestment компаниясыныкы. Бирок ал компаниянын артында кимдер тураары азырга чейин белгисиз.

XS
SM
MD
LG