Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

ТООЛУУ КАРАБАК БОЮНЧА ЖАҢЫ СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 10-декабрда Париж шаарынын алдында Тоолуу Карабак боюнча кезектеги сүйлөшүү башталат жана ага Азербайжан менен Армениянын президенттери Ильхам Алиев менен Роберт Кочарян катышат. Эксперттердин пикиринде, бул сүйлөшүүдө Карабак маселеси боюнча орчундуу чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Карабак боюнча буга чейин көптөгөн сүйлөшүү өткөн жана алардын негизги жыйынтыгы - 12 жылдан бери аймакта орчундуу куралдуу кагылышуулар жок, бирок маселе да чечилбей жатат жана аны айрым саясатчылар "тоңдурулган кризис" деп да атай баштады.

Өткөн январ айында болсо Франциянын президенти Жак Ширак жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылды жана ага бардык тараптар макул болду. Сүйлөшүү Париж шаарынын алдындагы Рамбуйе сарайында өтөт жана аны Карабак боюнча Минск тобу өткөрөт. Ал топтун тең-төрагалары жакында Бакы менен Ереван шаарларында болуп, Азербайжан жана Армениянын президенттери менен жолугуп кетти.

1980-жылдардын аягында башталып, бир нече жылга уланган согушта 25 миң адам курман болуп, бир миллиондон ашык киши качкынга айланган, бирок акырында Армения тарап жеңген жана Тоолуу Карабакты азыр армяндар көзөмөлдөйт. Автономиянын мурдагы башчысы Роберт Кочарян кошуна Армениянын президенти болуп да шайланды, ошондуктан армян тарап Бакы менен сүйлөшүү жүргүзүүгө көп көңүлсүбөй келген. Алардын айтымында, эгер сүйлөшүү жүргүзүлсө, бардык маселелер чогуу чечилүүгө тийиш болчу.

Бирок Минск тобу акыркы мезгилде эки тарапты тең - маселени эки-үч кадамга бөлүп чечүүгө көндүрдү. Биринчиден, Карабактын айланасындагы азыркы армян аскерлери аймактан чыгарылып, алардын ордуна эл аралык бейпилдик күчтөрү киргизилүүгө тийиш. Жана андан кийин Карабактын макамы жалпы элдик референдум аркылуу аныкталыш керек. Мындай кадамга баруу менен, эксперттердин айтымында, Армения тарап өз турумун бир кыйла жумшартты.

Кавказ маселелери боюнча эксперт Том де Ваалдын айтымында, Рамбуйеде өтө турган сүйлөшүүдө оң чечим чыгат деп күтсө болот: "Жума күнү Парижде баштала турган сүйлөшүүдөн үмүт зор, бирок ал деле декларация менен гана аякташы мүмкүн. Өтө орчундуу сүйлөшүү болсо дагы, эки тараптын ниет-каалоолорун аныктаган гана декларацияга кол коюла тургандай. Анткен менен акыркы эки жылда Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин дагы элге айткан сөздөрү бир топ жумшара баштады жана алар элге конструктивдүү нерселерди айтып жатат", - дейт де Ваал.

Бир топ эксперттин пикиринде, эң негизги маселе - эки тараптын тең элинин маанайын өзгөртүү.

XS
SM
MD
LG