Азыркы Ыспан королу Хуан Карлос Биринчи былтыр конокко чакырып ошондон улам барган орусиялык президент Владимир Путин түнөгөн жер диктатор Франко жашап өткөн Пардо сарайы болуптур. Муну айтып олтурушубуздун себеби Ыспанияны Франсиско Франко башкарган кырк жыл ичи Орусия менен байланыш үзүлгөн экен. Ошол себептенби дешет, мурдагы ыспан өкүмөт башчы Фелипе Гонсалес бир жолу: «Орусияда жашагандан көрө Нью-Йорктун метросунда бирөөнүн бычагын жеп өлгөнүм өйдө», - деген дешет.
Эмнеси болсо да Орусия Ыспания ортосунда дипломатиялык катнаш 1977-жылы б.а. Франко өлгөндөн соң гана калыбына келген экен. Ошол кездер унутулуп кечөө 8 февралда башаягы 48 саттык иш сапары менен Мадридге келип түшкөн Маскөөлүк бийик даражалуу конокту ыспандык бийлик чоң каада менен тосушкан. Ал жерде колуна ордо калаа ачкычы тапшырылып Путин ага ыраазы экенин билдирген:
«Биздин шаарлар дарбазалары (мындан ары – ММ) дайыма ачык болоруна мен ишенмин», - деди орусиялык лидер.
Агенттиктер таркаткан маалыматтарда эки мамлекет алакасын чыңдоо багытта жети келишим эки жарыяга кол коюушуу болгон. Арасында террорчулук менен күрөшүү, Ирандын урандык программасы жана Чукулку чыгыштагы жагдай боюнча бир таклипке келүү бар экени айтылат.
Туризмди өнүктүрүү бир тараптуу болуп кеткенин орусиялык анализчилер айтышат. Ыспандыктар Орусияга келип эс алуусу бул жакта калсын жөн эле бир көрүп кетүүсү тартыш дешет. Былтыр, маселен, 40 миң ыспандык жарандар келип кеткен. Ал эми Ыспан курортторуна барып эс алып келген орусиялыктар эсеби 300 миңге жеткен.
Орусия өзүнүн карамайы менен газын сатып Чыгыш жана орто европалыктарга таасир эте баштоонун ыспандыктарга тийешеси жок экенин ал өлкө журналисти Долорос Руи Сергеева айтат:
«Энергия кубатын берүүчү отунду биз (Ыспаныя – ММ) араб өлкөлөрү менен латын америкалык өлкөлөрдөн алабыз. Биз орусиялык карамай менен орусиялык газга көзкаранды эмеспиз», - дейт.
Басылмалар жазганга караганда Орусия жетимишинчи жылдын башынан тартып жерден сузуп алынган б.а. тазаланбаган карамайын Ыспаныяга сатып келет. Ал эми Мадрид аркалаган орусиялык «Чупа-Чупс» момпосуй чыгарчу фабрика, «КампоМос» эт продуктусун чыгарчу комбинат жана тамакаш чыгарчу (Gallina Blanc) Галина Бланк тармактары Орусида бар экен.
Путиндин бул сапарында «оңтойсуз маселе» болгон орусиялыктар абалы тууралуу кеп дешет. Эки мамлекетти Чеченстан согушу жана Баск кармашы окшоштурат дешет. Бирок, бул маселени чечүүдө эки башка жолго түшүү бар экенин Ла Вангуардия ("La Vanguardia") басылмасы жазат. «1999 жылдан тартып Чеченстандагы кармаш Путиндин бийликти бекмедетиши үчүн иштеп атат. Анын канчалык узакка созулушу авторитардык режимди ошончо узакка жүргүзүүгө өбөлгө болот», - деп жазылган ал жерде.
Бул жерде Путин жакындан тартып Улуу Британия жана Алманиядан алыстай баштаганга байланыштуу «Чоң сегизге» төрагалык кылып аткан жылы өзүнө жакшы санаалаш издөө болуп атат дегендер да бар.