Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Ош облусунун Карасуу шаарында ок дары алып жүргөн адам колго түштү

ОШ. Бул тууралуу бүгүн Азаттык радиосунун кабарчысына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев билдирди. 7-февраль күнү Карасуу шаарындагы Нурзада базарынын жанынан Карасуу райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук түзүлүштөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери кезектеги оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда 40 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалган. Кармалган шектүү адамды текшерүү учурунда ичинде бир дана Ф-1 гранатасы, 50 дана орточо калибрдеги мылтыктын огу жана жардыруучу тротилдасы бар кара баштык табылгандыгын билдирди. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 10-февралда Ысыккөл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми калган аймактардын айрым жерлеринде жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +10...+15 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз +7...+12 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1...+4 , күндүз +6...+11 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз +2...+7.
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -4...+1 градус.
Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+15 градус.

Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров.

Редактор Кубат Чекиров
XS
SM
MD
LG