Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

К.Конгантиев: Тирешүүнүн аягы парламенттин таркашына алып келет


БИШКЕК. Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин 7-февралындагы билдирүүсүн президенттин абийирине, иш беделине шек келтирүү катары баалады.

-Башкы прокурор катарында мен белгилеп коюга милдеттүүмүн. Урматтуу Өмүрбек Чиркешовичтин деструктивдүү иш аракеттери парламент менен президенттин жана өкмөт менен парламенттин ортосунда тирешүүлөрдү пайда кылууда. Жогорку Кеңештин башка бийлик бутактары менен пикир келишпестиктердин кризисине негиз берет. Бул кырдаал Конституциянын 60-беренесинин 2 пунктуна ылайык Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга себеп болушу мүмкүн,-деди башкы прокурор 9-февралда парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

Камбараалы Конгантиевдин айтымында, башкы прокуратура президенттин абийир ар намысын коргоп, президенттин атынан сотко берүүсүнө мыйзам жол берет. Ошондуктан, парламентти башкы прокурор бийликтер аралык араздашууну күчөтпөө аракеттерин жасоого чакырды. Башкы прокурордун мындай билдирүүсүн парламенттин бир катар депутаттары президенттин парламентке каршы атайын кысымы катары баалашты.

XS
SM
MD
LG