Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

БЕРЛИН КИНОФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүн, 9-февралда, Германияда Берлин кинофестивалы ачылып жатат. “Берлинале” деп аталып жүргөн бул фестиваль дүйнөлүк кино жаатында абройлуу деп эсептелген сынактардын бири. Бул жылы анда көрсөтүлө турган жана негизги сыйлыктар үчүн күрөшө турган тасмалардын ичинде саясий темадагылары үстөмдүк кылгандай. Мисалы Жакынкы Чыгыштагы мунай жөнүндөгү “Сириана” жана Кошмо Штаттардын Кубадагы түрмөсүндөгү британиялык үч мусулмандын баянын келтирген “Гуантаномого жол” аттуу фильмдер бар.

“Сирианада” Американын Борбордук Чалгындоо кызматынын (ЦРУ) агентин ойногон Джордж Клуни жакынкы Чыгыштагы мунайдын “кир саясатына” малынган каармандын ролун аткарат.

Бул фильм быйыл өтө турган “Оскарга” бир канча номинация боюнча ат салышып жатат жана Берлин фестивалындагы негизги тасмалардын бири.

Сынактагы дагы бир маанилүү фильмдердин бири – британиялык режиссер Майкл Уинтерботтомдун “Гуантаномого жол” тасмасы. Келерки жумада, 14-февраль күнү, Берлинде анын дүйнөлүк премьерасы болот.

Бул жолу футбол жөнүндө да фильм бар. Андан сырткары эки ирандык тасма фестивалдагы башкы сыйлыктар үчүн күрөшмөкчү.

Актриса Шарлотта Рамплинг бул жылы фестивалда калыстар тобун жетектемей болду.

- Бул – саясий фестиваль. Бул фестиваль - өтө олуттуу маселелер жөнүндө айтат жана алардын дүйнөдөгү күзгүсү. Берлин фестивалы ошол саясий проблемаларды камтыган фильмдерди көрсөтөт. Андыктан ал фильмдердин көрүүчүлөрү тигил-же бул проблема жөнүндө башкача ойлор менен таанышууга, аны көрүүгө мүмкүндүк алышат. Аталган тасмалар адамдардын дүйнө таануусун өзгөртүшү мүмкүн. Албетте, мында Берлин фестивалынын мааниси чоң, - деди фестивалда калыстар тобун жетектеп жаткан актриса Шарлотта Рамплинг.
XS
SM
MD
LG