Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдү былтыр сентябрда биринчи болуп басып чыккан даниялык "Йилланд постен" гезитинин редактору Флемминг Роузду гезит ээлери белгисиз мөөнөткө эс алууга чыгарды. Роуз сүрөтчүлөр арасында атайын конкурс өткөргөн жана 12 сүрөт тандап алып, аларды басып чыккан. Үстүбүздөгү жылы ал азилдерди башка мамлекеттердин гезиттери да жарыялагандан кийин мусулман өлкөлөрүндө көптөгөн каршылык митинг-демонстрациялары өтүүдө.