Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Иракта барымтага алынган америкалык журналист айым сыналгы аркылуу көрсөтүлдү

Кувейттин "Ал Раи" деп аталган жеке менчик сыналгысы кечээ күнү - Иракта барымтага алынган америкалык журналист Жил Кэрролдун видеосун көрсөттү. "Крисчен сайенс монитор" гезити үчүн иштеген 28 жаштагы Кэррол туткунга 7-январда алынган. Буга чейин Кэррол айым "Ал-Жазира" сыналгысы аркылуу 17- жана 30-январда көрсөтүлгөн. Аны барымтага алгандар - Ирактын абактарында кармалган бардык аялдарды бошотууну талап кылууда.
XS
SM
MD
LG