Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Беслан барымтасына катышкан Нурпаши Кулаев өлүм жазасына кесилиши мүмкүн


2004-жылдын сентябрдында Түндүк Осетиянын Беслан шаарында болгон барымта окуясы менен абйланыштуу Владикавказ шаарында өтүп жаткан сотто прокурорлор кечээ күнү жалгыз тирүү калган террорчу Нурпаши Кулаевди өлүм жазасына кесүүнү суранды. Ал 24 жашта жана орус жетекчилигинин айтымында, мектепке кол салган террорчулардын арасында болгон. Үч күнгө уланган окуя учурунда бир миңден ашык адам барымтага алынган жана аларды куткаруу аракеттери учурунда 330 адам курман болгон, алардын жарымынан көбү балдар болчу. Өлүм жазасын ишке ашырууга Орусияда 1996-жылдан бери мораторий салынган.

XS
SM
MD
LG