Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

МОСКВА ИРАНГА АНТИРАКЕТАЛЫК КОМПЛЕКС САТА ТУРГАНЫН БЫШЫКТАДЫ


Россия Иранга ракетадан коргонуу системасын сатуу боюнча келишимге кол койду. Бул жөнүндө 9-февралда Россиянын расмий өкүлү билдирди. Комплекс коргонуу максаттарында гана колдонот деген россиялыктар Иранга куралдын башка түрлөрүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөндүгүн кошумчалашты.

Тегеран менен жетишилген келишим тууралуу Россиянын Аскерий жана техникалык кызматташуу боюнча кызматынын төрагасы Михаил Дмитриев 9-февралда расмий жарыялады:

Биз Иранды жалаң коргонуу максаттарында колдонулчу ракеталык комплекс менен камсыздоо боюнча контрактка кол койдук. Башка эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок. Биз аталган келишимди аткарышыбыз керек, - деген Медведев контрактка качан кол коюлганын жана анын мөөнөтү жөнүндө маалымат берген жок.

Россиянын маалымат каражаттарынын жазышынча, 700 миллион долларлык келишимге былтыр декабрда жетишилген.
Ага ылайык, Иранга “Тор-М1” жана “Пехора 2А” деп аталган системалар сатылат.

Израилдин аскерий басылмаларынын бири Россияда чыгарылчу “Тор-М1”ди орто жана төмөнкү бийиктикте, ошондой эле жапыз учкан буталарды жок кылууга багытталган система катары сүрөттөйт. 12 километр алыстыкка учкан ракета бир эле мезгилде эки бутаны жок кылууга кудуреттүү.

Батыш Россия Тегеранга “S-300” деген мындан кубаттуураак система сатышы ыктымал деп чочулап келаткан. Адистер S-300 Ирандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жогорулатышы ыктымал деп ырасташууда.

Өткөн айда “Коммерсант” гезити Россиянын коргоо индустриясынын атын атабаган өкүлүнө шилтеме жасап, Тегеран келечекте S-300 системасын сатып алууну көздөөдө, “Тор-М1” ракеталары болсо ошол системаны коргош үчүн зарыл деп жазып чыккан эле.
Ошол эле басылмага ылайык, Россиянын коргоо тармагынын өкүлдөрү Иранга 60 даана S-300 ракета сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Тегеранга аттанган. Бирок Ирандын атомдук программасына байланышкан маселе курчуп кеткендиктен делегация бат эле мекенине кайтып келүүгө аргасыз болгон. Гезитке ишенсек, сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы Москва Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан тирешүүдө Вашингтон менен Евробиримдиктин турумуна ыктай баштады деген кабарлардын пайда болушуна дал келди.

Иранга курал жана антиракеталык система сатуудан тышкары Россия өлкөнүн энергетикалык долбоорлоруна 750 миллион доллардан ашуун каражат инвестициялады. Москва Бушер атомдук станциясын курууга жардамдашып келатат. Аталган станцияга АКШ жана Израиль региондук коопсуздугуна коркунуч туудурган булак катары карашууда.

Айрым россиялык эксперттер Москва антиракеталык системаларды сатуу менен Иранды өзөктүк долбоорунан баш тарттырууну көздөп жатпасын деп боолголошот. Андай болсо, Тегерандын уранды байытуу иштерин улантуу чечими Россиянын планынан майнап чыккан жок деп айтууга негиз берет.

Анын аралыгына, Россиянын Аскерий жана техникалык кызматташуу кызматынын төрагасы Дмитириев дагы бир келишим жөнүндө билдирди. Атап атйканда, мекеме Сирияга “Стрелец” деп аталган учактарга каршы комплексти сатмай болду. Аталган келишимге тараптардын 3 жылга каралган курал соодасы боюнча макулдашуунун алкагында жетишилди.
Москва бул ракеталар Жакыңкы Чыгыштагы аскерий баланска залакасын тийгизбейт деп ырастоодо.
Бирок Израиль өкмөтү сөз болуп жаткан курал “Хамас же “Ислам Жихады” өңдүү палестин радикал топторунун колуна өтүп кетиши ыктымал деп тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG