Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

М. Кайыпов: “Менчик түрмөлөрдү куруу керек”


БИШКЕК. Кыргызстанда жергиликтүү инвесторлорду тартуу менен менчик түрмөлөрдү курууну башташ керек. Мындай пикирин юстиция министри Марат Кайыпов 10-февралда журналисттерге билдирди. Министрдин айтымында, учурда дүйнөлүк тажрыйба иликтенип жатат. “КМШ мамлекеттеринде азырынча менчик түрмө жок, бирок мисалы Боливиядагы мамлекеттик эмес абакта жада калса казино бар” деп билдирди министр. Анын айтымында, мамлекеттик казынага ишенип отура бергенде жаза өтөө системасын жок кылып алуу коркунучу бар. Республикалык бюджет пенитенциардык системага зарыл каражаттын 25-30 пайызын гана берет. Жеке түрмөлөрдү куруу буга чейин Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу тарабынан да сунушталган. Акыйкатчынын пикиринде, Кыргызстанда мындай ишке киришүүгө макул боло турган бизнесмен табыш кыйын.

XS
SM
MD
LG