Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

КАБУЛ АЭРОПОРТУН БЕШ ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАЛАҢ ООГАН АДИСТЕР ТЕЙЛЕП КАЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Кабулдун аба майданы 2001-жылдын аягынан бери кош башкарууда. Аэропорттун түндүк бөлүгүн Улуттар Уюмунун мандаты астындагы эларалык күчтөр- ISAF, ал эми түштүк ныптасын Ооган өкмөтү тейлейт. Учурда эл аралык аскерлер ооган адистерди жаңы курулуп жаткан техникалык борборду тейлөөгө окутуп-үйрөтүп жатышат. 2007-жылдын жайынан тартып Кабул аэропорту толук бойдон ооган адистердин башкаруусуна өтүш керек.

Кабул аэропорту күнүнө азыр 130 аба лайнерин кабыл алат. Майдандын түштүк ныптасындагы техникалык компелксте НАТОнун жетегиндеги 1500 аскер жайгашкан. Алардын көзөмөлүндөгү үч чакырымдык жол күнүнө 40 учакты тейлейт. Майдандын түштүк бурчундагы учуу борбору жана тасма жол ооган адистеринин башкаруусунда. Алар күнүнө 90 учкаты учуп-кондурушат.

НАТОнун күчтөрү быйыл Саудияга ажыга аттанган 25 миң зыяратчыны учурууга жардамдашты. Алар төрт жылдан бери аба майданын согуш мезгилинде калган СССРдин жана Ооганстандын аскерий учактарынан жана минадан тазалашты. Али да майдандын айрым жерлеринде “Этияттаныңыз, мина!” деген белгилерди көрүүгө болот.

Константинос Прионас –Кабул аэропортунун НАТОго таандык бөлүгүнүн коопсуздук кызматынын башчысы. Анын айтышынча, азыр жүрүп жаткан курулуш иштери аяктар замат, аэропорт бүтүндөй оогандардын башкаруусуна өтөт:

-Аскерий пландын аткарылышына аба ырайына же башка жагдайлар жолтоо болушу ыктымал. Биз бардык иштерди 2007-жылдын жайына бүтөбүз жана андан соң аэропорттун түндүк бөлүгүнө көчүүгө даярбыз.

Прионастын сөзүнө караганда, аэропорт миналардан бир нече жуманын ичинде тазаланып бүтөт. Келерки 1,5 жылда учактар токтоочу аянт кеңейтилип, түрдүү техникалык имараттар жана таксилер келип-кетүүчү жай курулат.

Кабул менен өлкө батышындагы Гераттын аэропортторун инженердик-техникалык жактан абаддаштырууну Ооган өкмөтү алдыдагы беш жылдагы өтө маанилүү иштердин тизмесине киргизген.

Ооган адистери Кабул аэропортун өз алдынча тейлөөгө ынтызар. Бирок, ал үчүн жетиштүү адистер жок. Андыктан, ISAF- эл аралык күчтөр курулуш иштерине удаа эле инженердик-техникалык кызмткерлерди даярдоого жардамдашууда дейт Константинос Прионас:

-Биз оогандарды азыр аба каттамдарын тейлөөгө машыктырып жатабыз. Алардын көпчүлүгүнүн даярдыгы жакшы деп айта алам жана сегиз же он айдан кийин аба каттамдарын өздөрү контролдоого даяр болушат.

ISAF азыр аба ырайынын өзгөрүүсүн алдын ала аныктай билген метеорологдор менен өрт өчүрүүчүлөрдү да окутуп, даярдоодо.
Константинос Прионастын айтымында, арийне, курулуш иштери бүтүп, ооган адистери өз алдынча ишенимдүү иштеп калгандан кийин Кабул аэропорту чындап эл аралык аэропортко айланат:

-Бардык пландар аткарылып, бардык техникалык талаптар аткарыла баштагандан кийин Кабул аэропорту көптөгөн каттамдарды тейлеген чыныгы эл аралык аэропорт болот.

XS
SM
MD
LG