Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Иракта парламенттик шайлоонун тастыкталган жыйынтыгы жарыяланды


Былтыр декабрдын он бешинде өткөн парламенттик шайлоонун соңку тастыкталган жыйынтыгы көргөзгөндөй, шийит партияларынын коалициясы парламенттеги орундардын дээрлик жарымын жеңип алды. Ирактын шайлоо комиссиясынын башчысы Адил ал –Ламинин билдиргенине караганда, шийиттердин Бириккен Ирак альянсы парламенттеги 275 орундун 128сине ээлик кылат. Күрд партиялары биригип 53 орун, суннит партиялары 55 орун алды. Эми парламент эки аптанын ичинде алгачкы жыйынына чогулушу керек.

Мунун аралыгында, Багдадда бүгүн мечиттин сыртында миналанган автоунаанын жарылуусунан кеминде 7 адам өлүп, 20 киши жаракат алды. Жарылуу жума намазга келген адамдар мечитин чыгып бара жаткан кезде болду.

XS
SM
MD
LG