Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Ставрополь крайындагы кыштактардын биринде Орусиянын коопсуздук күчтөрү менен согушкерлер кагылышты


Ставрополь крайындагы Тукуй-Мектеп деп аталган кыштактагы аскерий операциянын экинчи күнүндө расмий маалыматка караганда, 11 согушкер жок кылынып, коопсуздук кызматынын 7 өкүлү мерт болду. Согушкерлер кирип алган эки үй танктардын жардамы менен жок кылынды. Ставрополь крайы Чеченстанга чектеш болгону менен анын аймагы буга чейин мындай уруштарга түздөн түз тартылган эмес. Өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлүнүн билдиргенине караганда, согушкерлер - ногой улутундагы адамдар жана 90-жылдардын соңунан бери Чеченстанда орус аскерлерине каршы күрөшүп келген.

XS
SM
MD
LG