Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Иран президенти өлкөсү өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти


Иран эгер ага өзөктүк курал программасына байланыштуу өтө эле адилетсиз кысым көргөзүлө бере турган болсо, Өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча келишимден чыгып кетиши мүмкүн. Президент Махмуд Ахмадинежад Тегеран шаарында Ислам революциясынын 27 жылдыгына арналган чоң жыйында сүйлөгөн учурда мындай деди:

- Иран ислам республикасынын саясаты - өзөктүк ишин Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик менен Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин алкагында жүргүзүү болгон. Бирок, эгер алар ошол эрежелерди Иран элин укугунан ажыратуу үчүн пайдаланууга аракеттенээрин сезсек, силер билим коюшуңар керек, биз ал саясатыбызды кайра карайбыз.

Ахмадинежад ошондой эле сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда жөөт калкынын кырылышын же Холкосту жөн гана жомок деген мурдагы көз карашын кайра кайталады. Махмуд Ахмадинежаддын айтымында, чыныгы Холокост Палестина менен Иракта орун алууда.

МАГАТЭ уюмунун ушул айдын башындагы жыйынында батыш өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешине маалымат берүү чечимине жетишти.

XS
SM
MD
LG