Израилдин премьер – министри Ариэль Шаронго ишембиде чукул операция жасалды. Мунун алдында дарыгерлер анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, өмүрүнө коркунуч бар экенин маалымдашкан эле. Төрт саатка созулган операциядан соң Ариэль Шарондун абалы оор, бирок стабилдүү, өмүрүнө ушу тапта коркунуч жок деп айтылды.
Израилдин 77 жаштагы премьер- министри мээсине кан куюлду деген диагноз менен оруканага быйыл 4-январда түшкөн эле. Андан бери эс-учуна келген эмес, бирок абалы бир калыпта экени айтылып жаткан. Иерусалим шаарындагы "Хаддаса" ооруканасы анын абалы кескин начарлап кеткенин, ишембиде эртең менен жарыялады.
Дарыгерлер Ариэль Шарондун тамак сиңирүү системасында олуттуу бузулуу бар экенин аныкташкан. Ушундан соң тезинен операция жасоо чечими кабыл алынды. Операция төт саатка созулуп, дарыгерлердин айтымында, жеңил өттү. Натыйжада премьер- министрдин жоон ичегисинин бир бөлүгү алынып салынган. Операциядан соң "Хадасса" ооруканасынын директору Шломо Мор-Йозеф кабарчыларга буларды билдирди:
- Премьер-министрдин абалы туруктуу, бирок оор. Эртең менен чын эле анын өмүрүнө коркунуч болгон. Бирок, мен ушу тапта премьер- министр Ариэль Шарондун өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деп айта алам.