Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : "ЧЫНДЫК ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАГАНДАН КӨРӨ КЫЗМАТТАН КЕТКЕНДИ АРТЫК КӨРӨМ"


13-февралда парламент мүчөлөрү спикер Ө.Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кийинки аптанын башында карай турган болушту. Кызматын таштоого бел байлаган төрага президент дарегине айткан сөзү, аны шылтоо кылып мыйзам чыгаруу бийлик жетекчисин алмаштырууга президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы Феликс Кулов кызыкдар экенин билдирди. Жогорку кызмат адамынын этикасына тийиштүү маселе кантип саясий өң-түс алып кетти?

3-февралдагы президент К.Бакиевдин Жогорку Кеңеш ишмердигин сынга алган сөзү бүткөндөн кийин спикер Ө.Текебаев ага парламент тарабынан жүйөлүү жооп бериле тургандыгын билдирген.

- Мен жакынкы 15 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин атынан жооп билдирүү жасайм.

Спикердин жүйөөлүү жообуна чейин эле айтылып кеткен сөздөн улам ушу тапта Ө.Текебаевдин кызматтан кетиш-кетпеши тууралуу кептин күнү тууп жаткан кези. Ачууга алдырган спикер кызуулукта айткан сөзү үчүн президент К.Бакиевден кечирим сурабай тургандыгын, а көрөк кызматын таштап кетүү өйдө экендигин ачык эле айтты.

- Мен кечирим сурагандан көрө кызматтан кеткенди артык көрдүм. Мен эч кимден кечирим сураганым жок. Мен чындык үчүн кечирим сурабайм.

Ө.Текебаев менен К.Бакиевдин ортосундагы салкын-суз мамиле өткөн жылкы бийлик алмашуусуна чейин эле көпчүлүккө дайын болчу. Спикер парламент депутаттарына 13-февралда таратып берген сүйлөчү сөзүндө анын кызматтан кетишин жалгыз эле К.Бакиев каалабастан, ага Ф.Кулов да кошулуп калганын баса белгилептир. Антип өкмөт башчынын 2000-жылкы президенттик шайлоо алдындагы «тандемдешине» апачык каршы чыгышы маселенин артында чоң саясий кызыкчылык башбактап турганын көрсөтүп турат.

«Улуу биримдик» партиясынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев бул эки адамдын ортосундагы гана пикир келишпестик, деп билдирди.

- Бул эки адамдын өз ара пикир келишпестиги болуп жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш төрагасы менен президенттин ортосундагы пикир келишпестик бирөөсүнүн кызматтан кетишине негиз боло албайт. Кеп бул жерде өз алдынча, бири экинчисине баш ийбеген бийлик бутактарынын башында турган адамдар жөнүндө болуп жатат. Анан сөзсүз түрдө президентке жакпаган адам кызмaттан кетиши керек, деген сөз болбошу керек. Президентке жакккан киши киши гана төрага болуш керек деген саясат бул жерде болбош керек. Жогорку Кеңешке кысым көрсөтүү, коомчулукту көтөрүү, анан азыркыдай жер-жерлерден кат уюштуруу, тияк-биякта жыйын өткөрүүнүн эч кереги жок.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, эки жетекчинин ортосундагы пикир келишпестик ириде саясий кызыкчылыктан, азыркы бийлик капталган системалык кризиске байланыштуу чыгууда.

- Бул системадан болуп атат. Ал Бакиевден да, Текебаевден да эмес. Эгерде башкаруунун президенттик системасы кала турган болсо тирешүүлөр мындан да күчөп кетиши мүмкүн. Бакиевдин легитимдүүлүгү бар, мен эл шайлаган деп жатат. Бирөөсү депутатты бүт эл шайлаган эмес деп жатат. Аны деле эл шайлаган, ар биринин артында эл турат. Мындай тирешүү боло берет. К.Бакиев депутаттардан улам парламенттик системага өтсөк кандай болот экен, деп сурап жатат. Бул туура эмес. Анын үстүнө алдагыдай мисал мүнөздүү эмес. К.Бакиев президенттик система кандай экенин өзү көрсөтүүдө. Бул жерден экөө тең татыктуу чыгышы абзел. Президент да кечириши керек. Мекeмеге кирерде жекече мамилени эшикке таштай келүү зарыл.

«Республика» гезитинин баяндамачысы Алымбек Биялинов президент К.Бакиевдин алдында революциядан кийин аркыл саясий кызыкчылыктарды көздөгөн күчтөрдү бир багытты көздөй алып кете алабы же жокпу суроосу турган деп эсептейт. Азырынча жаңы бийлик андай милдеттин түпкүлүктүү маани-мазмунун жакшы аңдай элек.

- Мен ушундай жыйынтыкка келип жатам. Булар бирге иштей албайт. Бир себеби саясий келишпестик болуп жатат. Экинчиси, Жогорку Кеңеште Кыргызстандын саясий элитасы чогулду. Башкача айтканда, Кыргызстандын экономикалык байлыгынын көпчүлүк ээлери ошол Жогорку Кеңеште отурушат. Азыркы бийлик менен алардын экономикалык жагдайда келишпестиги болуп жатат.

Кийинки кездери Кыргызстандагы саясий окуялардын текши баарын талкууга алып, жаңы өкмөттүн ишин арбын сынга ала баштаган парламент дагы бир сыноого келип капталды. Ө.Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кесиптештери канааттандыра турган болсо анын ордун ким басары дагы кыйлага саясий күчтөрдүн ортосунда талаш-тартышты туудурары шексиз.

XS
SM
MD
LG