Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

КҮЙГӨН ТӨРАГА КОШОК АЙТСА, КҮЙБӨГӨНДӨР ЫР ЫРДАЙБЫ?


Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүүсү апта башында чыккан гезиттердин башкы темасы бойдон кала берүүдө. Спикердин кызматтан кетүү ниетин жалпы коомчулук ар кандай кабыл алды.

Өткөн жума күнү Жогорку Кеңештин алдында спикер Өмүрбек Текебаев кайрылуу менен чыгып, "Өз каалоом менен төрагалыктан бошотуп берүүңүздөрдү суранам" деп, аны күн тартибине коюу үчүн добушка койгон. Бирок депутаттардын 20сы гана добуш берип, ал өтүнүч өтпөй калды. Жума жана дүйшөмбүдөгү парламенттин жыйынынын өтүшү тууралуу “Аалам” гезитинин 14-февралдагы санында “Күйгөн төрага кошок айтса, күйбөгөндөр ыр ырдайбы?” деген макалада кеңири баяндалат. “Президенттин сөзү күтүүсүз болгондугун айткан төрага көпчүлүк депутаттар буга чейин белгилеп келгендей "Мен Жогорку Кенешти сактап калдым", "Революциялык масса парламентти тейлеп кетет", "Жогорку Кеңеш өлкөдөгү стабилдүүлүктүн бузулушунун булагы болуп калды" деген Президенттин сөздөрүнө кошула албастыгын кошумчалады», деп жазат макала автору Аида Надырбекова.

Төраганын отставкасына байланыштуу Жогорку Кеңеште болуп жаткан кырдаал тууралуу “Агым”гезити да жазды. “ЖоКе менен Кукенин алымсабагы” деген макалада автор Асыран Айдаралиев президент менен парламенттин ортосундагы мамилелерге токтолот.

Ушул эле гезитте Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүүсүнө байланыштуу билдирүүсү жарыяланды. Билдирүүдө Өмүрбек Текебаев : “Менин кызматтан кетишим саясатта жоопкерчиликтин үлгүсү болушу керек”, деп айткан.

Ал эми “Вечерний Бишкек” гезити болсо бул окуя боюнча саясатчылардын пикирин келтирет. Мисалы Медеткан Шаримкуловдун билдиргенине караганда, мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңешке карата айткан сын сөзүн түшүнүк менен кабыл алыш керек эле. “Президенттин мындай пикирин билдирүүгө толук укугу бар. Эми парламент президентке каршы чыккандын ордуна, бул абалды оңдоонун жолдорун табышы керек” деп гезитке берген интервьюсунда билдирди. Ал эми саясатчы Мукар Чолпонбаев Курманбек Бакиевдин депутаттарды сындаганы президент менен парлмаенттин мамилесин татаалдаштырды, деп “Вечерний Бишкек”гезитине билдирди. Ушул эле темада кеңири макала “МСН”гезитинин 14-февралдагы санында орун алды.

Коопсуздук Кеңешинин 9-февралда өткөн кезектеги жыйыны жөнүндө саясатчылар ар кандай талкуу жүргүзүп жатат. Айрымдары муну саясий кризиске такашса, айрымдары аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн жасалган нерсе катары баалашты. Жыйындын өтүшү тууралуу журналист Рыскелди Момбеков “Агым” гезитинин Шейшемби күнкү санында кеңири жазды.

Ушул эле гезитте “Ганси” авиабазасы, бейөкмөт уюумдардын тагдыры, сөз эркиндиги тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович менен маек орун алды. Анда ал өлкөдөгү саясий абал тууралуу“2005-жыл Кыргызстан үчүн чоң өзгөрүүлөрдүн жылы болду. Ошондуктан кыргыз эли өз келечеги, балдарынын келечеги үчүн көп ишетрди жасоого милдеттүү болуп турат.Экономикада чон реформаларды жүргүзүү керек. Ошондой эле коррупцияга каршы, уюшкан кылмыштуулукка каршы иштерди жүргүзүү абзел”, деп гезитке берген маегинде билдирди.
XS
SM
MD
LG