Машине айдоочулар да айбаты боло турганын орусиялык бийлик бул күндөрү туйду окшоду. Алдыңкы күнү, 12-февралда, Алтай крайынын ордо калаасында айдоочулар менен темир жолчулар Сахаров атындагы аянтка чыгуусу болуп, ага «Коммерсант» жазганга караганда, миңдей киши катышкан. Алардын талабы айдоочу Олег Щербинский үстүнөн 3 февралда чыгарылган сот өкүмүн буздуруу болгон. Ал айдоочу былтыр 7 августа жолто болуп Алтай губернаторунун машинеси жол кырсыгына учурап, ал кырсыктан губернатор Михаил Евдокимов жана аны кайтарып жүрүүчүлөрү, айдоочусу болуп төрт киши набыт болушкан. Ошонун жыйынтыгы боюнча Щербинскийге райондук сот 4 жылга абакта олтуруу кескен жана андан соң орусиялыктар аны коргоого алып эки күн кечке акциялар уюштурду.
Жекшембиде акциялар Санкт-Петербург, Краснодар, Воронеж, Чубаккар, Челябин, Магадан, Мурман, Нижний Новгород, Ижев, Калининград, Сахалин жана башка ондогон шаарларда өткөн. Маскөөдө анын эң каадалуусу болду дешет. Миңден ашуун машине менен алар Рублевдук, Аминевдик жана Мичуриндик проспектер кыймылын тосуп салышкан. Ураандарын алдыңкы терезесине тартып, антенна учуна саргыч кара чүпөрөктөн малаам байланышышкан. Кийин аларды автоинспекторлор ар кайсы жерден бөгөп токтотуп таркатууга аракет кылган. Мындай нааразылыкты уюштурган «Эркин тандоо» кыймылынын теске салуучусу Вячеслав Лысаков айтканга караганда, мындан башка жол менен бийликтин көңүлүн бурдуруу мүмкүн эмес:
«Биз мыйзам арибин сыйлаган жарандарбыз. Биз жолду тороп салалы деген ниетте эмеспиз. Биз бийликтин миңдеген адамдарды толгонтуп аткан маселени эсине салып коюуну каалайбыз», - дейт кыймылды уюштуруучулардын бири.
Окуя болгон жерди текшерген автоинспектор бүтүмүндө губернаторду алып бараткан «Мерседес» саатына 149 чакырым ылдамдыкта бараткан». Ошол себептен «Тойотосун» жолдо буруп аткан Щербинский аны байкаганга үлгүрбөй калып, жолто болгон», - дешет. Мыйзамды түзгөндөр бийликтегилер менен намыяны калыңдарга мүмкүндүк берип карапайым айдоочуларга бөгөт коюу болуп атканын айтышкан. Ушундан улам саясий анализчи Ольга Крыштановская: «Биздин коомдо эки тап бар – чечимдерди кабылдоочу саясий тап жана эл», - дейт. Башка эксперттер да «бул кыймылдын артында жарандар аракетинин бүчүрдөөсү жатат», - дешет. Алардын айтымында мурдараакта мал доктурларынын айбандарды союуда кетаминди пайдалануусуна тыюу салынганда ушундай чуу чыкты эле деп аны эскеришет. «Бул жолку бүткүл орусиялык айдоочулар Щербинскийди коргоп акциялар уюштурушу – жаңыдан пайда болгон жарандар коому кыймылыдыр – жакшынакай сыноону башынан өткөргөн саясий күчтүр?» - дегендер да бар.
Кийинки маалыматтарга караганда, Щербинский соту бузулуп, иши кайра каралмак болду.