Оппозициядагы Акыйкат Казакстан үчүн партиясынын жетекчиси Жармакан Туякбайдын Азаттыкка билдиришинче, анын саясий шериги Алтынбек Сарсенбаевдин сөөгү анын сакчысы жана айдоочусунун өлүгү менен кошо Алматынын чет-жакасында табылган. Сарсенбаевдин дайынсыз жоголгону ишембиде кабарланган эле. Сарсенбаев "Нагыз Ак Жол" партиясынын тең-төрагасы болгон, оппозицияга өткөнгө чейин Казакстандын Орусиядагы элчиси жана эки жолу Маалымат министри болуп иштеген. Ноябрда оппозицияга өткөн Алматынын мурдагы акими Заманбек Нуркадиловдун өлүгү өз үйүнөн табылган эле.