Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Кумтөр алтын ишканасы өткөн жылы 15,6 тонна алтын казып алды


БИШКЕК. Канадалык “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасы алтын өндүрүүнүн натыйжасында Кыргызстандын экономикасына 2005-жылы бардыгы 81 миллион 970 миң АКШ доллары өлчөмүндө салым кошконун билдирүүдө. Мунун ичинде 26 миллион доллар салык катарында төлөнгөн, анын ичинде 1,8 миллион доллар Ысыккөлдү өнүктүрүү фондуна которулган. Социалдык фондуга 22,2 миллион, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртууга 11,5 миллион, электр кубатын сатып алууга 7,3 миллион жана товарлар жана кызмат көрсөтүү үчүн 15,2 миллион доллар жумшалган.
Канадалык ишкана Кыргызстандагы бийик тоо арасындагы Кумтөр алтын кенин иштетип жатканына 12 жылдан ашты. Компания бул убакыттын ичинде Кыргызстанга 570 миллион доллар түз киреше түшүргөнүн белгилеп келатат. Бирок, Кыргызстанда канадалык ишкана ишеничти актабады деп нааразы болгондор көп. Жакында эле канадалык ишканадан төлөбөй келаткан 47 миллион сом жер салыгын доолап Жетиөгүз райондук салык инспекциясы сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG