Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

М. Эшимканов: 18 депутат мандатын тапшырууга даяр

Бишкек. Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир тобу эгерде парламентте кризис орун алса, мандаттарынан баш тартууга даяр. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов билдирди.

«Азыр 18 депутат мандаттарын таштоого даяр. Алардын ичинде К. Байболов, Т. Сариев, К. Иманалиев, Ө. Бабанов, Т. Сарпашев жана башкалар бар. Жантөрө Сатыбалдиев бул жөнүндө сүйлөп атат. Бул депутаттар парламентте ар кандай тирешүүлөрдөн улам элге уят болгондон көрө депутаттыктан кетүүнү туура көрүп жатышат. Мен Текебаев, Шерниязов, Алымбеков отставкага кеткенден кийин артынан эле биз да кетейли деп атам. Айрымдары болсо, кризис башталсын, анан кетебиз деп атышат», - деди депутат Мелис Эшимканов.
XS
SM
MD
LG