Бишкек. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев кызматтан кетүү жөнүндөгү чечимди өз каалосу менен кабыл алды. Буга байланыштуу өлкөдө кризистик абал түзүлгөн жок. Бул тууралуу 14-февралда премьер-министр Феликс Кулов өкмөт жыйында билдирди: «Азыр өлкөдө эч кандай саясий кризис жок. Аткаруу бийлигинде да, мыйзам чыгаруу бийлигинде да кризис жок. Өмүрбек Чиркешович президенттин аброюна шек келтирген сөздөрдү айтып алды. Бирок, бул бийлик бутактарынын ортосунда күрөш жүрүп жатат дегенди билдирбейт». Буга чейин Өмүрбек Текебаев ал отставкага кетүү тууралуу чечимди президент менен премьер-министрдин өтүнүчүнөн кийин кабыл алгандыгын билдирген. Өмүрбек Текебаев президент менен болгон жолугушуу алдында эгерде депутаттар анын отставкасын колдошпосо, Эмгек Кодексине ылайык кызматынан кетээри тууралуу Феликс Куловго билдиргенин да премьер-министр маалымдады.