Пакистанда Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган азил сүрөттөргө каршы демонстрация эки кишинин өлүмүнө алып келди. Лахор шаарында көчөгө чыккан миңдеген кишилер соода жайларына өрт коюп, полиция аларды таратыш үчүн уулуу газ колдонду. Пакистандын ички иштер министри банкты кайтарып турган коопсуздук кызматкерлери ок ачып, эки кишини жантаслим кылганын, Исламабадда 1000дей жаштар катышкан акцияга каышкан 50дөй киши кармалганын маалымдады. Ирандык “Хамшахри” гезитинин башкы редактору Даниялык басылмаларды Холокостко арналган карикатуралардын эл аралык сынагына катышууга үндөдү. “Хамшахри” гезити бул сынакты Данияда басылган Мухаммед пайгамбарга тартылган азил сүрөтттөргө жооп иретинде жарыялаган.