Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

«ЧОҢ СЕГИЗ» АЛКАГЫНА ОРУСИЯ КАЙСЫ БИР КМШ ӨЛКӨЛӨР ТЫШКЫ КАРЫЗЫН КЕЧҮҮ ДЕМИЛГЕСИН КӨТӨРМӨКЧҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө өкүмөт мүчөлөрү менен Кремлде жолугушуп олтуруп КМШ өлкөлөрүнүн кайсы бир мамлекеттери дүйнөдөгү жарды өлкөлөр тизмесине алынышы керек деди. Алардын карыздарынан кечүүгө «чоң сегизде» мүмкүндүк бар экенин белгиледи. Андай кеп үстүдө жылы жайында Санкт-Петербургда өткөнү аткан «чоң сегиз» саммитинде боло тургандыгын белгиледи. Быйыл Орусия ошол, өнөр жайы өнүккөн дүйнөнүн ири мамлекеттер олтурумуна төрагалык кылмакчы.

Дүйшөмбү күнү өткөн өкүмөт мүчөлөрү менен болгон кезектеги жолугушууда орусиялык жетекчи 10-11 февралда болгон «чоң сегиздин» кор министрлер жолугушуусу тууралуу орусиялык министр Алексей Кудрин маалымдоосун укту. Аны кызыгып уккан президент: «Жарды өлкөлөргө деп каралчу каражаттын бир бөлүгү биздин кошуналарга, мурдагы советтик аймактардагы КМШ өлкөлөрүнө багытталышы керек»,- деди. Ошондон улам Кремл.ру сайты 14 февралда: «Тажикстан жарды мамлекеттер тизмесине алынды, эми анын тышкы карыздары кечирилет», - деп жазды. Жолугушуу үстүндө орусиялык жетекчи кошуна мамлекеттерге берилчү жардам «G-8» менен бирге чечиле турган маселе экенине басым жазады:

«Эң жарды өлкөлөргө деп чегирилген каражаттардын кыйла бөлүгү кошуналарыбызга колдоо көргөзүү үчүн жумшалышын биздин өнөктөштөр менен күн мурунтан маакулдашып алашыбыз керек», - деди президент Путин.

Анализчилер чөйрөсү жарды өлкөлөр карыздарын кечүү эгерде «Чоң сегиз» алкагында макулдашууга жетишилсе анда болушу мүмкүн дешет. Жардылар тизмесине баарыдан мурда тышкы карыздары чанагынан чыгып калган өлкөлөр гана катталышы ыктымал дешет. Анын бир мисалы катары Тажикстанды айтышат. 2006-жылдын 1 январына карата анын тышкы карыздары 1 миллиард 894миллион долларга жетет экен. Былтыркы жылы эле Дүйшөмбү алган карыз мурдагы жылдарга салыштырганда 9,3 пайызга артык болуптур. Муну менен ал өлкө алган насыясынын өлчөмү төө көтөргүз болуп баратышын билсе болот дешет. Бирок тышкы карыздары 2 миллиард долларга чукулдап калган Кыргызстан деле жарды өлкө тизмесине кошулга акылуу дешет. Арийне, ал быйыл «Чоң сегизге» төрага болуп аткан Орусия кепке ала сүйлөшүнөн же унчукпай коюусунан болуучу нерсе дешет. Ошол эле учурда маселенин чечилиши ири мамлекеттер Кремлдин кебине көнөбү жокпу, ошого да жараша болот дегендер бар. Маселен, биз маектешкен көзкарандысыз анализчи Юрий Ханжин ою төмөнкүчө чыкты:

«Албетте, эгерде бул (Путин айткан – ММ) сунуш кабылданса, анда Борбор Азия өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргызстанда өз таасирин артыруусун Орусия кыйла бекемдейт. Ыңкылаптар ишке ашкан башка өлкөлөргө караганда (Кыргызстандын жаңы бийлиги Орусия менен достук мамиледе болуп атышы жалпыга белгилүү», - дейт.

Төрагалык кылуучу «Чоң сегизден» быйыл Маскөө шыралга да алып атат экен. «Российская газета» жазганга караганда, СПИД илдети менен күрөшүү кору, учук жана безгек дарттары менен күрөшүүчү корлор Орусияга ошондой илдеттер менен күрөшсүн деп 100 миллион доллар каражат ажыраткан. G-8 кор министрлер Маскөөдө жолугушуусунда Париж клубу алдында 12 миллиард долларга чукул өлчөмдөгү карызын төгүп кутулууга Маскөө алардын макулдугун алганын да илгери кадам катары белгилшүүдө. Анализчилер болжолунда, Орусия ал каражатты жөн эле бай мамлекеттерге кайтарып бербей, аны дүйнөнүн эң жарды өлкөлөрүнө жардам катары бөлүп берүү сунушун киргизген. Андай болгондо бай мамлекеттер өз жанынан акча чыгарбайт, ал эми Орусия мындан ары Париж клубуна пайыз акы төлөбөй калат дешет.

Кошумчалай кетчү жери, «Чоң сегиз» экономикалык түзүлүшүнүн ишине азырынча Маскөө толук кандуу аралаша элек. Анын себеби Орусия алигиче дейре анын мүчөсү эмес. Ошол себептен улам, сырттан көз салгандар, бул жолку «G-8» кор министрлеринин бул өлкөгө келип олтурум өткөрүшүн жакшы жышаан катары баалап атышат.

XS
SM
MD
LG