Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

КЫШКЫ ОЛИМПИАДАНЫ КӨРГӨНГӨ КАПЧЫГЫҢЫЗ ЧАК КЕЛЕБИ?


Жаныл Жусубжан, Прага Олимпиада оюндары 1980-жылы Маскөөдө өткөндө, бир канча кыргыздар барып, көрүп келишкен эле. Бүгүн спорт оюндарын көрүү үчүн Солт-Лейк Ситиге же Наганого артынан түшүп баргандар жок болсо керек, бирок эгер быйылкы кышкы оюндарды көрөм деп Туринге барганы жатсаңыз, бирок алдын ала даярданбаган болсоңуз, саякат сизге кымбатка туруп калат. Буга Азаттыктын кабарчысы Жеффри Донован өзү күбө болду.

Ооба, алдын ала пландабаган болсоңуз, Олимпиада оюндарында меймаканада орун таап, же оюндарга билет алуу кыйын иш. Кымбат дагы.

Сергио Принчипи мейманканасынынын кабылдамасында иштейт. Ал эки орундуу бөлмө эртең мененки тамагы менен бир түнгө 400 евро турат дейт. Принчипи Турин олимпиада оюндарынын көбү өтүп жаткан бийик тоолуу Сестриере курортундагы төрт жылдыздуу мейманкана. Бирок мындай жерде акча да жардам бербеши мүмкүн.
- Тилекке каршы, мен бир нече мейманканага телефон чалдым, бирөөндө да орун жок. Сестриереден ылдый, өрөөнгө түшүп сурап көргүлө, -деди Сергио. Бирок Туриндин өзүндө да мейманканаларда орун жок болуп чыкты. Ар жакка чалып жатып, акыры төрт жылдыздуу Александрия мейманканасынан бир бөлмө табылды.

Жок, бизде орун жок, деп келатып, Александриянын кабылдамачысы Рафаеле эки кишилик бир бөлмөнү таап чыкты. Бирок үч күнгө гана экен. Ал эми баасы бир түнгө эртең мененки тамагы менен 180 евро. Анча деле арзан эмес, бирок Рафаеле бул кокусунан бошогон бөлмө экенин, башка бир да бош орун жок экендигин түшүндүрдү.

Мейманакадан орун табылган соң эми, оюндарга назарыңызды бурасыз, бирок алгач билет алыш керек. Оюндар баштала электе уюштуруучулар билеттердин 75 пайызы гана сатылган дешкен. Бирок апта соңунда соода ыкчамдай баштады, азыр муз үстүндөгү бийге машыгууну көрүү үчүн да кезекке туруп билет алып жатышат. Ал эми бааларга келсек, көрлинг, же муз үстүндө топ тоголотуу, биатлон сыяктуу оюндарга билет кенен, 50 евродон, салшытырмалуу арзан дагы. Бирок шаршембиде башталып жаткан эркектердин хоккейине билет алыш кыйын, баасы да 150 евронун тегерегинде. Ал эми тоодон ылдый лыжа тебүүнү көргүңүp келсе, 200 евроңуз менен кош айтышасыз. Билет алган соң, оюн башталганча Туриндин борбордук аянты – Пиацца Кастеллого барыңыз. Мында дээрлик күн сайын медал тапшыруу аземдерин көрүп, бекер концерттерге күбө болосуз.

Кечээ эле мында Италиялык атактуу тенор Андреа Бочелли ырдаган экен. - Мындай маанай аябагандай жакшы, анын үстүнө Андреа Бочеллини күндө эле ырдаганын көрүп жатыптырбызды, дейт Туриндин тургуну Карлос Эллиот. Пиацца Кастеллодо майрамдын маанай улана бермекчи. Мында италиялык, америкалык жана башка өнөрпоздор, анын ичинде Дюран Дюран тобу, Уитней Хьюстон, Лу Риддер оюн коюшат.
XS
SM
MD
LG