Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Жүз миңдеген ливандыктар Рафик Хариринин арбайын эскеришти


Шейшембиде Ливанда жарым млн.го жакын адам көчөгө чыгып, бир жыл мурда киши колдуу болуп өлгөн мурдагы премьер-министр Рафик Харирини эскеришти.
Өткөн жылы Харирини өлтүрүп кетишкенде, өлкөдө антисириялык демонстрациялар күчөп, ал жерде бир канча жылдардан бери турушкан сириялык аскерлер өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан эле.

Шейшембидеги акция өлкөдөгү антисириялык коалицияга дем бергендей болду.
Рафик Хариринин уулу Саад чогулган эл алдында сүйлөгөн сөзүндө: “Ливандын Сирияга ык алган президенти Эмил Лахуд отставкага кетиши керек”, - деди.

- Сириялыктар бизден кетишти, бирок алар Ак үйдө өздөрүнүн башкы үстөмдүк кылуучу мураскорун калтырышты. Биз аларга бул “мураскорун”, элди эзүүнүн символун, бул жерден алып кетишин айтып жатабыз. Анткени Ливан эли соодалашып олтурбайт, - деди Рафик Хариринин уулу Саад Харири.

Рафик Хариринин өлүмү боюнча Улуттар уюму иликтөө өткөрүп, “буга тийиштиги бар” делген бир катар сириялыктар менен ливандыктардын аттарын атаган. Бирок Дамаск буларды танып келатат.

XS
SM
MD
LG