Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

ТЕКЕБАЕВДИН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ УУ-ДУУ


Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин тегерегиндеги маселе жергиликтүү гезиттердин негизги темасы бойдон кала берүүдө.

Өткөн аптада электрондук массалык маалымат каражаттарында Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү жарыяланды. Спикердин оставкасынын себептерин кыргыз гезиттери ар кандай өнүттө чагылдырууда. “Республика” гезити 15-февралдагы санында жазгандай, төраганын билдирүүсүн жасаган иштеринин жыйынтыктарына отчет катары да, кызмат орду менен коштошуу катары да бааласа болот.

Макала автору Татьяна Попова төраганын президентке болгон мамилесин сынга алды. “Спикер өзүнүн отставкага кетүү ниетин өз тилинен көрсүн. Төрага билдирүүсүн өзү окуп бербей, аны массалык маалымат каражаттары жарыялаганы өтө өкүнүчтүү”, деп жазат автор. Гезитте жазылгандай, учурдагы абал парламентарийлер үчүн жаман-жакшы көрүнбөй тарап кетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берүүдө.

Өмүрбек Текебаевдин тегерегиндеги уу-дуу тууралуу макала “Жаңы кылым” гезитинин жума 17-февралда чыга турган санында орун алды.
“Спикердин туура эмес айткан сөзүнөн эле кризис чыгарууга болбойт. Болгону бир кишинин сөзү деп гана кароо керек. 3-февралдагы сөзүндө президент Курманбек Бакиев “легалдуу, легалсыз бизнесиңерди токтоткула” деп дал бутага тийбедиби. Мына ошону каалабагандар так секирип жатышат”, деп жазат макала автору Жума Мамбетов.

14-февралда президенттин катышуусу менен өкмөттүн жыйыны болду. Анда негизи эле өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы 2005-жылы кандай
болгонун жана быйылкы жылы аткарыла турган иштер тууралуу өкмөт мүчөлөрү президент менен премьер-министрдин алдында отчет беришти.

“Заман Кыргызстан”гезити жазгандай, президент министрлердин маалыматын угуп гана тим болбостон, бурчка такагандай суроолорду берип жатты. Ошондой эле макала автору Бурул Бобуева акыркы кезде өлкөдө азык-түлүк продукциясынын бааларынын көтөрүлүп кетишиниин себептерине токтолот.

Шейшембидеги өкмөт жыйынын өтүшү тууралуу “Республика”гезити да жазды.

Ал эми “Акипресс”электрондук гезити президент Курманбек Бакиевдин орусиялык “Коммерсант” гезитине берген интервьюсун жарыялады. Маекте премьер-минстр Феликс Кулов менен президенттин ортосундагы мамиле, спикер Өмүрбек Текебаевдин отсавкага кетүүсүнүн тегерегинде, “Ганси”авиабазасы жана өлкөдөгү кырдаал тууралуу сөз болот.


Түштүк Чыгыш Азияда болуп өткөн жер титирөөдөн кийин мындай коркунуч биздин аймакка келбейби деген суроо эрксизден эске келет. Мындай маанайдагы суроо менен “Заман Кыргызстан”гезити Кыргызстандагы Сейсмология институтуна кайрылган. Гезитте жазылгандай, дүйнөлүк сейсмикалык карта менен караганда, Кыргызстан 9 баллдан ашык жер титирөө болчу аймакта жайгашкан жана сейсмикалык жактан кыймылдуу алкакка кирет. Макалада жер титирөө болгон учурда кандай кооптонуу эрежелерди сактоо керктиги жөнүндө айтылат.
XS
SM
MD
LG