Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Кыргыз- өзбек чек арасы боюнча комиссия иштөөдө


ЖАЛАЛАБАТ. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкесин тактоочу паритеттик комиссиялар шаршемби күнү өз алдынча иштешти. Өкмөттөр аралык эксперттик топ буга чейинки жолугушууларда 1038 чакырым чек ара сызыгын долбоор түрүндө бекитишкен. Кыргыз-өзбек чек ара сызыгынын узундугу 1295 чакырым. Кыргыз-өзбек чек арасында такталууну талап кылган 50дөн ашык жай бар. Алабука районундагы «Гава-сай» боюндагы, Өзбекстандын “Кемпир абат” суу сактагычынын түбүндө жана айланасында калган жерлер, Шааркансай жана Ош обулусундагы Барак айылы, Баткен облусундагы анклавдар комиссиянын талкуусуна түшкөн эң орчундуу маселелер. Бул тууралу 15-февралда өкмөттүн алдындагы регионалдык маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Ишин дүйшөмбү күнү Жалалабатта баштаган паритеттик комиссиялар буга чейин 47 ирет сүйлөшүү өткөрүшкөн.


16- февралга карата аба- ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 16-февралда Кыргызстанда күн ачык болот. Чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн 0....-5, күндүз +10...+15 градус.
Чүйдө түнкүсүн 0...+5 градус, күндүз +14...+19.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн -21...-26, күндүз -4...-9 градус.
Бишкек шаары боюнча мелүүн жел жүрүп турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +16...+18 градус болот.

Күндүн узактыгы 10 саат, 36 мүнөт.


Чолпон Орозобекова, Айданбек Акмат уулу

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG